Жогорку Кеңеш мектептердин беш күндүк окууга өтүүсүн кубаттады

Парламент депутаттары мектептердин беш күндүк билим берүүгө өтүүсүн үч окууда жактырды.

Эл өкүлдөрү билим берүү жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөрдү 10-январь күнү үчүнчү окууда жактырышты. Ага ылайык, Кыргызстандагы бардык мектептер беш күндүк окуу тартибине өтүшөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков документке кол койгондон кийин мыйзам күчүнө кирет.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешевдин оюнча, беш күндүк билим берүү системасына өтүү окуучулар менен мугалимдерге коюлган жүктү азайтыш үчүн керек.

«Жеке менчик мектептер дагы аптасына беш күн окутушу керек, ал эми алтынчы күнү болсо балдар маданий иш-чараларга, ийримдерге барып, же болбосо ата-энелери менен убакыттарын өткөрүшү керек. Мугалимдер бул күндөрү эс алышы кажет», — деди Бекешев.

2017-жылдын январь айынан тарта өлкөдөгү мектептердин болжолдуу 75 пайызы аптасына беш күн билим алуу тартибине өтүшкөн. Ал эми сабактарды тереңдетип окуткан гимназия жана лицейлер балдарды алты күндүк билим берүү системасы менен окутууну уланткан.


ТЕМА БОЮНЧА: