МКК көчмө авто КТБларды ишке киргизет

Көчмө КТБ. Сүрөт: МККнын басма сөз кызматы

Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 16 мобилдик Калктты тейлөө борборун (КТБ) ишке киргизет. Алар алыскы калктуу конуштарга чыгышып, өзгөчө муктаждыктары бар жарандарды тейлешет.

МККнын басма сөз кызматы маалымдагандай, жалпысынан алыскы айылдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды 16 мобилдик КТБ тейлейт.

Мобилдик КТБ — бул бардык муктаждыктары бар адамдарды тейлөө үчүн айылдарды аралап жүргөн авто унаа. Машинада документтер менен маалым-каттарды жасоо үчүн керектүү жабдыктар орнотулган.

Мобилдик КТБлардын кызматтарынан карылар үйүндө жашап жаткандар, согуш ардагерлери, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдар менен жетимдер пайдалана алышат.

Жарандар мобилдик КТБлардан паспорт алып, авто унааларын, никелерин каттап же кеңеш ала алышат. Долбоорду ПРООН каржылоодо.

МКК мобилдик КТБ кызмат көрсөтүү боюнча тутумун алыскы аймактардын жашоочулары алар керектүү документтерди алуу же арыз берүү үчүн жүздөгөн километр алыстыкка барууга аргасыз болуп жаткандарына арызданышкандан кийин ишке киргизүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: