Дача-СУ: «Боинг-747» кыйраган жерге набыт болгондордун элесине арналган эстелик орнотулду

Роман Гайнанов/Кабар

Дача-СУ кыштагында Түркиянын «Боинг-747» жүк ташыган учагы кыйраган жерге каза болгондордун элесине арналып эстелип коюлду. Учак кыштактын үстүнө 2017-жылдын 16-январында кыйрап, анда экипаж мүчөлөрүн кошуп, 39 жергиликтүү тургун набыт болгон.

Эстеликтин ачылыш салтанатына учак кыйраган учурда жабыркаган жана каза болгон адамдардын туугандары чогулушту.

Роман Гайнанов/Кабар

Каза болгондордун жаркын элесине урмат көрсөтүүгө Түркиянын Кыргызстандагы элчилигин өкүлдөрү дагы келишти.

Эстеликтин ачылыш салтанатына маморгандардын өкүлдөрү, анын ичинде президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухаметкалый Абулгазиев келди. Ал учурда Абулгазиев каза болгондордун урматына эстелик орнотуу демилгесин колдоого алган өкмөттүк комиссиянын башында турган.

Роман Гайнанов/Кабар

Эстеликти орнотууну каза болгондордун туугандары менен жабыркагандар негиздеген «Үч периште» коомдук уюму демилгелеген. Бийлик фонддун бюджетине 2 млн 28 миң сом бөлгөн.

«Боинг-747нин» кыйрашы

2017- жылы 16-январь күнү эртең менен «Манас» аба майданына жакын Дача-СУ кыштагына «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кыйраган.

Сүрөт: Тилек Бейшеналиев

Кыйроонун натыйжасында экипаждын мүчөлөрүн кошкондо 39 адам набыт болуп, ондогон турак жайлар талкаланып калган. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыяндын өлчөмүн 186 млн сомго баалаган.

Набыт болгондордун үй-бүлөлөрү менен жабыркагандарга учакка ээлик кылган түрк компаниясы менен Кыргызстандын бийлиги кун төлөп берген. Бирок бийлик жабыркагандардын коопсузугу үчүн төлөнүп берилген кундардын өлчөмүн ачыкташкан эмес.

ТЕМА БОЮНЧА: