«Манас» аба майданынын жанында жайгашкан Дача-СУ айылына кулаган учак 186,5 млн сомдон бир аз ашыгыраак өлчөмдөгү зыян алып келди. Бул кырсык 39 кишинин өмүрүн алып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, учактын кыйрашынан келтирилген зыяндын өлчөмү 186,5 млн сомду түздү.

Алар талкаланган үйлөрдүн, автоунаалардын, тазалоо жана калыбына келтирүү, ошондой эле жабыр тарткандар үчүн жаңы үйлөрдү куруу иштеринин баасын эсептеп чыгышкан.

«Учак кыйраган жерди калдыктардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Жарым-жартылай бузулган үйлөрдүн чатырларын калыбына келтириш үчүн шиферлер алынып келинди», — деди Kloop.kgге берген интервьюсунда ӨКМдүн Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жамбул Жумагулов.

Жардам бергиси келген каалоочулар каражаттарын которо алышы үчүн ӨКМ атайын эсептик счет ачкан. Мекеме бүгүнкү күнгө чейин 28 млн сомдон ашык каражат топтогонго жетишти. Бул акча келтирилген зыянды жоюудагы чыгымдарды жабыш үчүн колдонулат.

Иликтөө аяктагандан кийин «Боинг-747нин» ээсинин атынан камсыздандыруу компаниясы жабыр тарткандарга компенсация төлөп берет.

Жүк ташуучу «Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанында 16-январда таңкы 7:20да кыйраган. Ал жакын жерде жайгашкан Дача-СУ айылына кулап, 60дан ашык адам жашаган 26 турак-жайды талкалаган.

Жүк ташуучу учактын кыйрашы 38 кишинин өмүрүн алып кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү — айылдын тургундары. Дагы бир адам 22-январда денесиндеги чоң күйүктөрдүн айынан каза болгон.

Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу

ТЕМА БОЮНЧА: