Жалал-Абад шаарында үч жашар кыздын апасы төрт айдан бери изделүүдө

Төрт ай мурда Жалал-Абад шаарындагы «Колхоз» базарынан табылган 3 жашар кыздын апасы изделип жатат. Буга чейин «атасымын» деп келген киши өздүгүн аныктаган документтерин көрсөтө албаганы үчүн наристени беришкен эмес.

«Колхоз» базарынан 2017-жылдын октябрь айында табылган 3 жашар кыз Жалал-Абад шаарындагы «Ак-Жол» реабилитациялык борборунда тарбияланууда. Борбордун жетекчиси Эркингүл Саркарованын «Клоопко» маалымдашынча, кичинекей кыздын абалы жакшы.

Наристе «Ак-Жол» борборуна келгенден соң бир айдан кийин «кыздын атасымын» деп Сузак районунун тургуну кайрылган. Бирок ал киши тек жайын аныктаган документтерин көрсөтө алган эмес.

«Атасымын деген жарандын паспорту, ал эми кыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Ошол себептүү кызды берүүгө макул болгон жокпуз», — деди Саркарова «Клооптун» кабарчысы менен болгон маегинде.

Андан кийин кичинекей кыздын Өзгөн районунда жарык дүйнөгө келгени аныкталып, райондогу төрөт үйүнүн аныктамасы менен ага күбөлүк жасатып беришкенин Жалал-Абад шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айпери Имамалиева «Клоопко» маалымдады.

Кыздын документтери жаңырган жылдын 5-январында Өзгөн районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүп берилген. Азыркы күндө аталган башкармалыктын кызматкерлери наристенин энесин табуу боюнча иш алпарууда.

«Баланын биологиялык апасы табылып же атасын тактап берсе, анда кызды атасы алса болот», — деп түшүндүрдү реабилитациялык борбордун жетекчиси.

Саркарованын билдиришинче, «атасымын» деп келген киши аялы кызды төрөлгөндө эле таштап кеткенин айткан. Ал киши учурда Сузак районунун Кашка-Терек айылында койчу болуп жан багат.

«Ак-Жол» реабилитациялык борборунда 4-18 жаш курагындагы ондой бала тарбияланат. Алты ай ичинде жакындары табылбаган балдарды соттун чечими менен борбордо калтырууга укук алышат.


ТЕМА БОЮНЧА: