Казакстан Кыргызстандын Орусияга транзиттик ташууларынын тарифин азайтты

Темир жол. Сүрөт: Александр Кряжев/«Спутник»

Казакстан өз аймагында темир жол аркылуу Кыргызстандын Орусияга транзиттик ташууларына азайтылган тариф киргизе баштады. Тариф эки эседен көбүрөөк азайтылып, вагонуна 1820 долларды түзгөн.

«Казакстан темир жолы» мамлекеттик компаниясы Кыргызстандан Орусияга транзиттик ташуулар үчүн азайтылган тариф киргизди.

«Казакстан темир жолы» мамкомпаниясынын президенти Оралхан Кулаков билдиргендей, Кыргызстандан таранзиттик ташууларга жаңы тариф мөөнөтүнөн мурда киргизилүүдө.

Анын айтымында, бааны төмөндөтүү августун ортосунда киргизилиши керек болчу, бирок казак бийлиги жаңы тарифтерди 10-январдан тарта киргизүүнү чечкен.

Кулаков эми Луговая (Кыргызстан) бекетинен Илецк (Орусия) бекетине чейин рефрижератор вагону менен ташуулар үчүн кыргызстандык ишкерлер 1820 доллар төлөп калышаарын айтты. Мурдараак бул багыт боюнча тариф 5155 долларды түзгөн.

Кулаковдун айтымында, тарифти төмөндөтүүдөн улам келтирилген 42 мрд тенге өлчөмүндөгү жоготуу ташуулардын саны өсүшү менен жөнгө салынат.

Бирок Казакстан мамлекеттик чек арадагы өткөрүлүп жаткан продукцияларга ветеринардык көзөмөлдү сактап калат, анткени казак тараптын декабрь айынын аягындагы инспекциясынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга бир катар эскертүүлөрү бар.

Евразия экономикалык комиссиясынан маалымдашкандай, транзиттик ташууларга болгон жаңы тариф өлкөлөрдүн ортосундагы соода алакасынын чыгымдарын азайтат.

«Казакстандын өкмөтүнүн чечими товарлардын, кызматтардын, капиталдын, жумушчу күчтөрдүн ЕАЭБдин бардык аймагында эркин жүгүрүүсүн камсыздай турган тоскоолдуксуз экономикалык аймакты түзүүгө карай дагы бир кадамы болуп калды», — деп билдирди ЕЭКтин коллегиясынын мүчөсү Карине Минасян.


ТЕМА БОЮНЧА: