Авиакомпаниялар аба ырайы өзгөрүп кетсе Бишкек—Ош каттамы боюнча билеттердин баасын төмөндөтөт

«AirManas», «Avia Traffic Company» жана «TezJet» авиакомпаниялары аба ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса Бишкек—Ош каттамы боюнча билеттердин баасын төмөндөтүшөт. Авиабилеттин баасы бир тарапка 2700 сомду түзүп калат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, эгерде аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса Бишкектен Ошко учуу жана кайра учуп келүүлөрдүн баалары төмөндөтүлөт.

Бул учурда бир таратапка билеттин баасы 2700 сомду түзүп калат — учурда билеттин баасы 2300 сомдон 4000 миң сомго чейин болууда.

Өкмөт Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырган Бишкек менен Оштун ортосундагы Төө-Ашуу белинде транспортко чектөө киргизилип жатканы үчүн аба жолдорун пайдаланууну сунуштап жатат.

«Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрү катары авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат», — деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Декабрдын аягында авиакомпаниялар Бишкек—Ош багыты боюнча авиабилеттерди 4000 сомдон жогору баада сатпоого макул болушкан.

Бишкек менен Оштун ортосундагы билеттерге тийиштүү баа саясатын өзгөртүү бул маселе парламентте талкуулангандан кийин болгон — мисалы, депутат Калдарбек Баймуратов шаарлар ортосундагы билеттердин баасы кыргызстандыктарга кымбат деп арызданган.

«Күндүзгү каттамдардын баасы 4000 сомдон ашат […] Бул биздин жарандардын көпчүлүгү үчүн кымбат. Түнкү каттамдар 2 миң сомдон 3 миң сомго чейин. Бааны төмөндөтүү керек», — деп айткан эл өкүлү 2017-жылдын октябрында.


ТЕМА БОЮНЧА: