Бир жыл мурда жүк ташыган «Боинг-747» учагы «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагына кулаган. Эртең мененки саат 7:30да көптөгөн тургундардын уйкусун кыйраган учактан чыккан катуу үн ойготкон. Кыйроонун натыйжасында төрт экипаж мүчөсү жана 35 жергиликтүү тургун набыт болгон. «Клооп» кыштактын учак кыйраганга чейинки жана андан кийинки спутниктен тартылган сүрөттөрүн салыштырып көрдү.

Слайдерди чычкан менен же сөөмөйүңүз менен жылдырыңыз (эгерде мобилдик телефондон көрүп жатсаңыз).
«Боинг-747» жүк ташыган учак «Манас» аэропотуна жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагына 2017-жылы 16-январь күнү эртең менен кыйраган. Жалпы 39 адам, анын ичинде экипаждын мүчөлөрү курман болуп, ондогон үйлөр жараксыз абалга кептелип калган. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыяндын өлчөмүн 186 млн сомго баалаган.

 

Набыт болгондордун үй-бүлөлөрү менен жабыркагандарга учакка ээлик кылган түрк компаниясы менен Кыргызстандын бийлиги кун төлөп берген. Бирок бийлик жабыркагандардын коопсузугу үчүн төлөнүп берилген кундардын өлчөмүн ачыктаган эмес.