Би-Би-Си Кыргызстанды мындан ары Киргизия деп атабайт

Би-Би-Синин эн белгиси

Би-Би-Синин орус кызматынын редакциясы өлкө менен байланыштуу материалдарда «Кыргызстан» деген аталышты колдоно турганын жарыялады. Редакция мындай чечим кабыл алганын колдонуучулар көп учурда өлкөлөр жөнүндө жаңылыктарды жаңы аталыштар боюнча издешкени менен түшүндүрдү.

Би-Би-Синин орус кызматынын редактору Фамиль Исмайлов 16-январда басылманын редакциясынын блогунда бир катар постсоветтик өлкөлөрдүн аталыштарына карата ык-амалдар жөнүндө жазган.

Анын айтымында, басылманын авторлору менен редакторлор СССРдин мурдагы өлкөлөрү менен байланыштуу материалдарда союз доорундагы китептерде жазылган жалпы колдонулуучу аталыштарды карманышкан.

Бирок кийинчерээк жаңы жана эски аталыштар бирдей тартипте эле колдонула башталганы материалдар үчүн туура сөздү тандоодогу ык-амалдарды оорлоштурган.

Кийинчерээк постсоветтик өлкөлөрдүн аталыштары башка ЖМКлардын материалдары менен документтеринде бир гана расмий болуп калбастан, издөө тутумдарынын колдонуучулары дагы издөө тилкесине эски аталыштарга караганда жаңы аталыштарды жаза башташкан.

Эми Би-Би-Си Киргизиянын ордуна Кыргызстан деп жаза баштайт.

Мындан тышкары, Би-Би-Синин орус кызматынын редакциясы мурдагы союз республикаларынын жаңы аталыштары бекитилген БУУнун документтерине кайрылды.

«Биз үчүн, журналисттерге, биздин жаңылыктар өзүнүн окурмандарына жетиши, алардын оңой табылышы менен окуганга ыңгайлуу болушу маанилүү. Биз тигил же бул аталыштардын саясий тарапташтары менен каршылаштарынын артыкчылыктары журналисттердин ишине таасир этпеши керек деп эсептейбиз», — деп жазган редактор.

Исмайлов Би-Би-Си орус кызматынын окурмандарынан авторлор өздөрүнүн макалаларында кайсыл аталышты колдонуп же колдонбогонунан саясий мүнөздүүлүктү издебөөнү суранып, аларды мазмунуна көңүл бурууга чакырды.