Ошто 15 млн сом карактоого шектелген үч жаран кармалды

Оштогу тартип сакчылары. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Спутник

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 15 млн сомдон ашуун акчаны карактоого айыпталган үч жаранды кармады. Милиция аталган кылмышка шектелген төртүнчү кылмышкерди издөөдө.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, 16-январда 15 млн сомдон ашуун акча каражаты боюнча каракчылыкка шектелген Ош облусунун үч тургуну кармалган.

«Айыпталуучулардын жашаган жерин текшерүү учурунда далил катары жалпы 4,7 млн сом акча каражаты табылган», — деп маалымдашты министрликтен.

Ош шаардык ИИБин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» билдиргендей, кармалгандар алгачкы көрсөтмөлөрүндө жасаган күнөөлөрүн мойнуларына алышкан.

«Кылмышка шектелип 16-январь күнү Ош облусунда жашаган үч жаран кармалды. Алардын экөө таксист, дагы бирөө унаа сатып иштеген», — деди Сыдыков.

Сыдыковдун айтымында, аталган кылмыш төрт жаран тарабынан жасалган. Шаардык милиция каракчылыкка айыпталгандардын төртүнчү мүчөсүн издөөдө.

Аталган кылмыш 2017-жылдын 29-декабрында Ош шаарында катталган. Куралданган бет капчан белгисиз жарандар жеке ишкердин үйүнө киришип, күч колдонуу менен сейфти алып чыгып кетишкен.

Маалыматка ылайык, темир кутуда болжол менен 10 миң АКШ доллары, 560 миң рубль жана 14 млн сом акча каражаты болгон.

Кылмышкерлер жабырлануучуга таандык "Хонда-Фит" үлгүсүндөгү автоунааны айдап, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «каракчылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: