Араванда милиционер 7 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусундагы Араван районунун аймактык милиция бөлүм башчысы 7 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалган. Облустук прокуратура ага каршы кылмыш ишин козгоду.

Араван районунун Төбө-Коргон аймактык милициясынын башчысы 17-январда 22 жаштагы жарандан 200 доллар өлчөмүндө пара талап кылган.

Эгерде ал милиционер сураган акчаны бербесе, анын соода күркөсүнүн иштөөсүнө жолтоо болоорун айткан. Аравандык соодагер ошол эле күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына арыз менен кайрылган.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы «Клоопко» билдиргендей, 18-январда аймактык милициянын бөлүм башчысы 7 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Ош облустук прокуратурасы айыпталуучуга карата «пара алуу» жана «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Иликтөө иштери Ош облусу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматына өткөрүлүп берилди.


ТЕМА БОЮНЧА: