Нарын: Төрт адамга «мыйзамсыз» штраф салган судьяга кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура ыйгарым укуктарынан аша чапкан Нарын облустук сотунун судьясына кылмыш ишин козгоду. Судья сотту сыйлабай койгону үчүн сот отурумунун төрт катышуучусуна «мыйзамсыз жана негизсиз» 40 миң сом штраф салган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, 2017-жылдын 14-сентябрында Нарын шаардык сотунда жол кыймылынын эрежелери бузулгандыгынын айынан адамдар набыт болгону үчүн айыпталып жаткан адамдын иши каралып жаткан. Отурумдун аягында, судья аны түрмөгө үч жылга шарттуу кесүү өкүмүн чыгарган.

Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белеков «Клооптун» журналистине кабарлагандай, судья өкүм чыгара баштаганда жабыркаган тараптын төрт өкүлү өкүм аягына чейин окулуп бүткүчө сот залынан чыгып кетишкен.

«Сот отуруму өтүп жаткан учурда жабыркаган таптын өкүлдөрү тартипти сакташкан эмес. Ошондой эле, алар прокурорго баш ийбестен сот отурумунун залынан чыгып кетишкен», — деди Белеков.

Ошондон кийин судья «экертүүлөргө баш ийбегини» үчүн алардын ар бирине 10 миң сомдон штраф салган.

Бирок штраф салынгандар арыз менен Нарындын прокуратурасына кайрылышкан.

«Аталган судья бул учурда керектүү тергөө аракеттерисиз жана кылмыш ишин козгобостон өзүнүн сот актысы менен төрт адамды жазага жана кылмыш жоопкерчилигине тарткан», — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

2017-жылдын 23-октябрында Нарын облусутук сотунун коллегиясы шаардык соттун судьясынын штраф боюнча чечимин «негизсиз жана мыйзамсыз» деп таап, аны жокко чыгарган. Ошол эле күнү облустук сот үч жылга шартту айыпталган адамга карата чыгарылган өкүмдү кайра карап чыгууну буйруган.

Нарын шаардык соттун судьясына карата текшерүү башталды жана Башкы прокуратура «Кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу» жана «Адилетсиз чечим чыгаруу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: