ИИМдин атайын багыттагы полкуна 1,8 млн сом «мыйзамсыз» которулганы аныкталды

Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен Башкы прокуратура «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине 1,8 млн сом мыйзамсыз төлөнгөнүн аныктады.

ИИМдин маалымат кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, бир жылдын аралыгында Ош шаарынын «Шумкар» полкунун кызматкерлерине эмгек өргүүсүнө деп төлөнүп берилген 1 млн 827 миң сом мыйзамсыз которулган.

«2016-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта Ош шаарынын “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, 1 млн 827 миң сомду түзгөн акча каражатын өздөрүнө мыйзамсыз которуп алган», — деп маалымдалат министрликтин билдирүүсүндө.

ИИМ аталган факт боюнча ички иликтөө иштерин жүргүзүп, «Шумкар» полкунун жетекчисинин орун басарын жана каржы бөлүмүндө эмгектенген эки кызматкерин ээлеген кызматтарынан бошотту.

Мындан тышкары, атайын багыттагы полктун жетекчилерине карата катуу тартиптик жаза чаралары колдонулган.

Кызматтык иликтөөгөнүн натыйжасында топтолгон материалдарга юридикалык баа берилиши үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, жумушунан четтетилгендер ички иштер органдарына кызматка кайрадан кайтып келишеби же жокпу иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча белгилүү болот.


ТЕМА БОЮНЧА: