Кызыл-Кыяда күйөөсүнөн таяк жеген аял ооруканада көз жумду

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында күйөөсүнөн таяк жеген 37 жаштагы аял ооруканада өзүнө келбей каза тапты. Маркумдун жолдошу күнөөсүн мойнуна алып, ага кылмыш иши козголду.

Кызыл-Кыяда 37 жаштагы аял күйөөсүнөн таяк жеп көз жумганын Баткен ОИИБнин басма сөз катчысы Айсалкын Эргешбай кызы «Клоопко» билдирди.

«Сабалган аял бир канча жеринен жаракат алып шаардык ооруканага 21-январда, саат 2.30дар чамасында жеткирилген. Оор жаракат алган аял ошол күнү өзүнө келбей каза тапкан», — деди басма сөз катчы.

Эргешбай кызы кошумчалагандай, кылмышка шектелип аялдын 35 жаштагы күйөөсү кармалып, ал жубайын сабаганын мойнуна алган.

Ага каршы «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: