Баткен: Жол кырсыгынан беш киши жаракат алып, ооруканага түштү

Иллюстративдик сүрөт

Кадамжай—Кызыл-Кыя автожолунда 7-январь күнү катталган жол кырсыгынан беш киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Жабырлануучулардын абалы туруктуу.

Баткен облустунун ички иштер башкармалыгынын жол кырсыктарынын алдын алуу бөлүмүнүн инспектору Чолпонбай Арстанбеков «Клоопко» кабарлагандай, унаа жол тилкесинен чыгып оодарылып кеткен. Беш киши ар кандай деңгээлдеги жараат алып, ооруканага жаткырылган.

«Бул окуяда күнөөлүү тарап жок. Унаа капысынан жол тилкесинен чыгып кетип, өзүнөн-өзү оодарылып кеткен. Жабыркагандардын абалы туруктуу», — деди ал.

Арстанбеков билдиргендей, жабырлануучулар милицияга арыз менен кайрылган эмес.

Автоунаадагы 30 жаштагы жарандын буту сынып, мээсинен жаракат алган, 45 жаштагы тургундун мээси жабыркаган жана 43 жаштагы жарандын денесинде сынык бар экени аныкталган. Дагы жабырлануучу жеңил жаракат алган.


ТЕМА БОЮНЧА: