Билим берүү министрлиги 31-январга чейин мектептерде окуу процессин токтотту

Билим берүү министрлиги сууктан улам мектептерде окуу процессин токтотту. Мектептер 26-январдан 31-январга чейин жабылат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Гүлмира Кудайбердиева 25-январда өлкө боюнча мектептердин окуу процесстерин токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койгон.

«Балдардын саламаттыгын сактоо максатында» жана абанын температурасы төмөндөп кеткенине байланыштуу сабактар 26-январдан баштап өткөрүлбөйт. Окуу процесси кайрадан 31-январда улантылат.

«Беш күн билим берген мектептерде окуу программаларын аткаруу ишемби күндөрдүн эсебинен, ал эми алты күндүк тартипте билим берген мектептерде жайкы каникулдардын эсебинен толукталат», — деп айтылат билим берүү министрлигинин маалыматында.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 23-январда абанын температурасы дароо төмөндөп кеткени боюнча маалымат тараткан. Республиканын айрым аймактарында суук аба ырайы 30-январга чейин сакталат, ал эми өлкөнүн башка райондорунда абанын температурасы -40градуска чейин чыгат.

«Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат», — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.


ТЕМА БОЮНЧА: