Сарыбашов Оштогу аткаминерлердин той-аштарга «кызматтык машинада барганын» сынга алды

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик жумушчулар жеке кызыкчылыктары үчүн кызматтык автомобилдерди колдонбошу керек экенин билдирди.

Ош облусунун 2017-жылдагы иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча 29-январда өткөн жыйында Сарыбашов мамлекеттик жумушчулар кызматтык машинасын иш убактысынан сырткары колдонот деп сындаган.

«Кызматтык унаалар иш убактысынан сырткары жеке иштерге пайдаланылып жатат. Жумуштан кийин кафе-ресторандардын алдында токтоп турган унааларды көрүп калып жатам», — деген Сарыбашов.

Ал кызматтык машиналар жеке кызыкчылыктар үчүн колдонулбашы керек экенин айтып, аким жана мэрлерге, ошондой эле мамкызматкерлерге бул жагдайды көзөмөлгө алууну тапшырма берген.


ТЕМА БОЮНЧА: