Орусиянын Спорттук калыстар агенттиги мелдеш калысын сынга алды

Орусиянын Спорттук калыстар агенттигинин (АСС) президенти Игорь Демидов TNA лигасын кыргыз мушкери Дастан Шаршеев катышкан беттешүүнү тейлеген калыстар бригадасына чара көрүүгө чакырды.

Кыргыз мушкери 22-апрелде жеңиш анын атаандашына ыйгарылганы үчүн рингден кетүүдөн баш тарткан. Баш калыс Шаршеевди депортация менен коркутуп рингден кетүүгө көндүрүүгө аракет кылган.

Демидов калыс кыргыз спортчусуна бир беткей мамиле кылганын билдирип, TNA лигасын калыстар тобуна карата чара көрүүгө чакырган.

«Рефери өзү улуту боюнча кемсинтүүчү сөздөрдү айтып киргенин карап чыгыш керек. "Укпай койсоң депортация болосуң" дегенине. […] Калыска дисквалификация же кандайдыр чара көрүп, рефери үчүн тартип комиссиясын дайындаш керек. Эмне үчүн спортчунун дарегине опуза болуп жатат? Анын спортчуга бир беткей мамилеси ачык эле көрүнүп турат», — деди Демидов.

Демидовдун айтымында, кыргыз спортчусунун токтоолугун калыстар бригадасынын мамилеси бузган, андыктан ал эмне болуп атканын түшүндүрүш үчүн ринг-анонсерден микрофон сураган.

Демидов Шаршеевге жана анын машыктыруучусуна тыканыраак болуп, бул маселени апелляция берүү аркылуу юридикалык жол менен чечип алууну сунуш кылган.

TNA мындай учурда ар кайсы мамлекеттердин өкүлдөрүнөн турган атайын эксперттик комиссия түзүп, ал бул маселе боюнча чечим чыгарышы керек болот.

Ошондой эле, Татарстан Республикасынын Эр өнөрүнүн орусиялык лигасынын президентинин коомчулук менен байланыш боюнча орун басары Дмитрий Штейн да калыстардын чечимин «анча жүйөлүү эмес» деп атады.

Бирок турнирдин баш калысы Василий Аптукаев мушкер өзүн мындай алып жүргөнү туура эмес жана Шаршеевди мелдештерден четтетиш керек деп эсептейт.

Шаршеев өзү жакын арада калыстардын чечимине каршы апелляция берээрин билдирди. Спортчу турнирдин калыстарын бир беткейлиги жана улут аралык кастыкты козгогону үчүн күнөөлөдү.

Жаңжалдуу беттешүү

22-апрелде Орусиянын Казан шаарындагы «Муз аренасынын» аянтчасында TNA эрежелери боюнча мушташтын финалынын ⅛ бөлүгүндө төртүнчү чечүүчү айлампада Шаршеев орусиялык Антон Калинин менен беттешкен.

Айлампа аяктаган соң калыстар коллегиясы орусиялык мушкердин пайдасына чечим чыгарган. Шаршеев мындай бүтүмгө макул болбой, кийинки беттешүү өтмөкчү болгон рингден кетүүдөн баш тарткан.

Ал мелдештин алып баруучусунан микрофонду сууруп алып, калыстарды жана көрүүчүлөрдү адилеттикке чакырган. Ошондон кийин гана рингден түшүп кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: