Жогорку сот «Дөө» каймана аттуу кримтөбөлдү абакка кайтарды

Жогорку сот Ленин райондук сотунун кылмыш дүйнөсүндө «Дөө» деген каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда шартуу бошотуу боюнча чечимин артка чакыртты. Аны №3 тузөтүү абагына кайтарышты.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз катчысы Александр Никсдорф «Клооптун» кабарчысына маалымдагандай, «Дөө» деген каймана аттуу Чыңгыз Жумагулов Жогорку соттун чечиминин негизинде абакка кайтарылды.  

«Учурда Жумагулов №3 түзөтүү абагында. Аны түштөн кийин алып келишти. Ал дагы 2 жыл 7 ай жаза мөөнөтүн өтөшү керек», — деди Никсдорф.

Кылмыш чөйрөсүндө «Дөө» деген каймана ат менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов 17-январда Ленин райондук сотунун чечими боюнча эркиндикке чыккан.

2017-жылдын январында Жумагуловго «Киши өлтүрүү аракетин уюштуруу», «Бийлик өкүлүнө каршы күч колдонуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумагулов менен анын өнөктөштөрү шаардын көчөлөрүнүн биринде Бишкетин жаранынын машинасына ок чыгарышкан, бирок жабырлануучу жарадар болгону менен аман калган.

Бирок 2017-жылдын июлунда Бишкек шаардык соту Жумагулов үчүн жаза өтөө мөөнөтүн 18 жылдан 13 жылга чейин жеңилдеткен. Андан кийин 2017-жылдын декабрь айында Жогорку сот дагы анын жаза өтөө мөөнөтүн 7 жылга кыскарткан.

Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин Уюшкан кылмыштуу тобунун жигердүү мүчөсү» деп аташкан. Мындан тышкары, ал президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүүлөрдүн бири болгон.

Ал эми Жумагулов өзү Көлбаев жана кылмыштуулук менен  байланыштыгын четке каккан.


ТЕМА БОЮНЧА: