Ош: Кайненесин өлтүргөн келин 20 жылга кесилди

Ош шаардык соту өткөн жылдын жай мезгилинде кайненесин өлтүрүүгө шектелген 25 жаштагы келинди күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратты.

Ош шаардык соту 2-февралда кайненесин таш менен уруп өлтүрүп, башы кесилген сөөктү таштанды челекке ыргытып салган келинди 20 жылга эркинен ажыратты. Соттолгон келин жазасын аялдардын катуу тартиптеги абагында өтөйт. Бул туурасында Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» билдирди.

«Шаардык сот кайненесин өлтүрүү боюнча айыпталуучуну 20 жылга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ошондой эле, соттолгонго 10 миң сом штраф салынды», — деди Осмонкулов.

Ал эми айыпталган келиндин 37 жаштагы эжеси «өлгөн адамдын денесин мазактады» деп, 4 жыл 6 айга түрмөгө кесилди. Ал жазасын аялдардын жалпы тартиптеги абагында өтөйт.

Шаардагы көчөлөрдүн биринде 2017-жылдын 28-августунда күндүзү «Тазалык» ишканасынын кызматкери таштанды челектен аялдын башы кесилген сөөгүн тапкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) шектүү катары маркумдун 25 жаштагы келинин жана анын 37деги эжесин кармаган.

Келин сурак учурунда жаңжал үй-бүлөлүк маселелерден улам чыкканын, андан соң сырттан таш алып келип кайненесинин башына бир нече жолу урганын айткан.

Ош ШИИБи аталган факттын незигинде «адам өлтүрүү», «өлгөн адамдын денесин мазактоо» жана «мүлктү атайлап жок кылуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: