Ош шаарындагы «Кремль» кафесинде өрт чыкты

Оштун борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Кремль» кафесинде чыккан өрттөн анын ашканасы жана кийинүүчү жайы күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Шаардын Абдыкадыров көчөсүндөгү «Кремль» кафесинде 2-февраль күнү түшкө маал өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Авазбек Айтиев тилсиз жоо бир жарым сааттан кийин өчүрүлгөнүн «Клоопко» билдирди.

«Өрт тууралуу маалымат саат 13.30да түшкөн жана аны өчүрүүгө төрт бөлүм тартылды. Бир жарым сааттын ичинде өрт кафенин чоң имаратына жетпей өчүрүлдү», — деди Айтиев.

ӨКМнин өкүлү кошумчалагандай, тилсиз жоо 200 чарчы метр аянтты чапчып, кафенин кызматкерлери кийинүүчү жайы жана ашканасы толук күйүп кеткен.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.


ТЕМА БОЮНЧА: