Бишкек — Ош жолунда 3-5-февраль күндөрү кар көчкү коркунучу күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек — Ош жолунда 3-5-февраль күндөрү кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөөрүн билдирди.

Аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу 3-февралдан 5-февралга чейин Бишкек — Ош жолунда кар көчкү коркунучу бар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.  

«Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Тамчы участкаларында 3-5-февраль күндөрү кар көчкү коркунучу бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Ош облусунун Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунда да көчкү жүрүшү күтүлөт.

Мындан улам кооптуу аймактарда унаалардын аралыгы 500 метрден кем болбошу керек.  

ӨКМ маалымдагандай, 3-февралда жааган кардан Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларындагы кардын калыңдыгы бир жарым метрге жакындаган.


ТЕМА БОЮНЧА: