Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорунда «Топформ» команиясынан баш тартканынын себебин түшүндүрдү

Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитети «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууда эмне үчүн «"Топформ" шенжендик компьютердик технологиялар компаниясынан» баш тартып, артыкчылыкты «Хуавэй» компаниясына бергенин түшүндүрүп берди.

«Топформ» «Акылдуу шаар» долбоору боюнча сунушун берүүдөөн кечигип калган жана өз кызматын кыргыз өкмөтү «Хуавэй» менен инвестициялык келишим түзгөндөн кийин 2017-жылдын 28-декабрындага гана сунуштаган — деп түшүндүрүп беришти «Клооптун» журналисттерине Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитетинен.

«Азаттык» үналгысынын маалыматына ылайык, «Топформ» камераларды «Хуавэй» сыяктуу 60 млн долларга эмес 40 млн долларга орнотуп берүүнү сунуштаган.

Баш тартууга карабастан, өкмөт «Топформ» менен жолугушуп, алардын презентациясын көргөн — Мамлекеттик  маалыматтык технологиялар комитети презентация учурунда компания шаарда орното турган жабдыктардын техникалык жактары менен программалары жөнүндө айтып берген эмес жана ошондой эле, «Акылдуу шаар» үчүн каржылык эсептерин көрсөткөн эмес деп ырастоодо.

«Көрсөтүлгөн материалдар компания болгону ар кандай техникалык мүнөздөгү, ар кандай типтеги видокамераларды өндүрөөрүн билдирип турат», — деп кабарлашты комитеттен «Клооптун» сурамына жооп кылып.

Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитети «Топформ» «Акылдуу шаарды» эмес «Коопсуз шаарды» ишке ашырып берүүнү сунуштаган деп белгиледи. Мурдараак Инвестицияларды илгерлетүү боюнча агенттиктин башчысы Эсенкул Момункулов «акылдуу» шаар «коопсуз» шаардан системаны жасалма интеллект башкарганы менен айрымаланып тураарын түшүндүргөн.   

Буга чейин «Топформ» маалымдагандай, компания Кыргызстандын өкмөтү үчүн презентация өткөрүүгө үлгүрбөй калган. Бизге «Хуавэй» менен шашылыш түзүлгөн келишимдин себептери түшүнүксүз болууда — деп келтирди «Азаттык» компаниянын башкы директору Токтобүбү Уркалчанын сөздөрүн.     

«Өкмөт кепилдик берсе, өз каражатыбызга камераларды орнотууну пландап жатканбыз. Бирок шашылыш келишимдин түзүлүшүнө түшүнбөй калдык. Ачык-айкын тандалып, сунуштар каралса, жакшы болмок», — деп билдирген компаниянын башчысы «Азаттык» үналгысына.

Өкмөт Кыргызстандын жолдорунда камераларды орнотууну 2011-жылдан бери убада кылып келет. Ошондон бери камералар Бишкектин кире беришиндеги бир нече кесилиштерге гана коюлган.

Шаарды камералар менен жабдуулоо аракетинин үстүндө өкмөт эки тендер өтөргөн — биринчиси эреже бузуулар менен өтүп, ал эми экинчисинин айынан бүгүнкү күнгө чейин утуп алган «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошуп келет.


ТЕМА БОЮНЧА: