Парламенттин үч депутаты Трамптын сый тамагына барат

Эл өкүлдөрү Осмонбек Артыкбаев, Таалайбек Масабиров жана Алмазбек Баатырбеков АКШнын президенти Доналд Трамптын администрациясы жыл сайын уюштурган сый тамакка чакырылды. Иш-чара 8-февралда Вашингтондо өтөт.

Парламенттин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жанан анын фракциядагы кесиптеши Таалайбек Масабиров 5-февралда Вашингтонго учуп кетишкен. Ал эми 6-февраль күнү эртең менен ал жакка КСДП фракциясынын депутат Осмонбек Артыкбаев учуп кеткен.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы эмне үчүн аталган депутаттар сый тамакка чакырылганын тактаган жок.

«Америка тарап ар кандай адамдарды чакырат — бул депутаттар да, коомдук ишмерлер дагы жана айрым бир салымдарды кошкон адамдар. Алардын кандайдыр бир тандоо критерийлери бар. Ошондой эле, Америка тарап бардык чыгымдарды өзүнө алат», — деп билдиришти парламенттин басма сөз кызматынан.

Кыргызстандын депутаттары катышкан сый тамак 8-февралда Вашингтондо өтөт. Ага АКШнын президенти Доналд Трамп өзү катышат.

Сый тамак — 1953-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келе жаткан иш-чара. Ага АКШнын президенти, Сенат мүчөлөрү жана Палата өкүлдөрү, ошондой эле дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн чакырылган меймандар катышышат.

АКШнын Конгресси 2017-жылы сый тамакка депутаттар Гүлжан Молдобекова менен Сайдулла Нышановду чакырган. Алардан тышкары Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Кадыр Токтогулов, ошондой эле, Кыргызстандын БУУнун алдындагы өкүлү Миргүл Молдоисаева чакырылган.

Ошондой эле, 2002-жылы өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев менен аны жубайы да чакыруу алышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: