Жалал-Абадда үч милиционер «каракчылыкка» шектелүүдө

Ички иштер министрлигиндеги Криминалдык милиция бөлүмүнүн эки кызматкери жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн милиционери «каракчылыкка» шектелип кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан «Клоопко» 6-февралда кабарлашты.

«Криминалдык милиция кызматынын эки милиционери жана Жалал-Абад ОИИБнин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн милиционери "каракчылыкка" шектелүүдө», — деди УКМКнын басма сөз кызматынан

Мекемеден билдиришкендей, шектелгендерге батир тоногон деген айып тагылууда.

Милиционерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: