Бишкектиктерге 1-2-февралга жылуулук үчүн акыны кайра эсептеп чыгышат

«Бишкек жылуулук тармагы» абоненттерине жылуулук үчүн 1-2-февраль күндөр үчүн акыны кайра эсептеп чыгат. Мурдараак шаардык кеңештин депутаттары бишкектиктер 27-январдан тарта 31-январга дейре жылуулук акысын кайра эсептеп чыгышаарын билдиришкен эле.

«Улуттук энергетикалык холдингдин» басма сөз катчысы Аман Калыбеков «Клооптун» кабарчысына курган маегинде бишкектиктердин батирлеринде температура толугу менен 2-февралда гана калыбына келгенин билдирди.

«Биздин сунуш боюнча кайра эсептелет. [...] Аны январдын акыркы 5 күнүнө жана февралдын биринчи күндөрүнө кылышат», — деп билдирди Калыбеков.

6-февралда шаардык кеңештин депутаттары да бишкектиктерге жылуулук берүү жок болгону үчүн 27-январдан тарта 31-январга дейре жылуулук акысын кайра эсептеп чыгыша турганын маалымдашкан.

Бишкектин батирлеринде температура 26-январда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ)  болгон авариядан улам кескин төмөндөп, ошондой эле, ысык суу жана электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин түшүп кеткен кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо бешинчи күн дегенде дээрлик толугу менен калыбына келтириле баштаган.

ЖЭБдеги авария фактысы боюнча «Шалаакылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ал эми УКМК станцияда текшерүү жүргүзүп атат. Өкмөт февралдын аягына чейин авариянын себептерин жана күнөөлүүлөрдү аныктай турган ведомстволор аралык комиссия түзгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: