ИИМ: Официант Исаевди тыңшоо үчүн диктофон орнотконун мойнуна алды

Кафенин кызматкери тыңшоочу түзмөктү ага чала тааныш адам бергенин мойнуна алды. Учурда иштин материалдары Бишкектин прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов «Азаттык» үналгысына билдиргендей, тергөө тобу ИИМдин атайын күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талант Исаевди жана депутат Каныбек Иманалиевди тыңшоого байланыштуу окуя болгон «Обама» кафесинин администратору менен официантты суракка алган.

«Ошол жердеги официант үн жаздыруучу каражатты коюп койгонун толук мойнуна алды. Ага чала тааныш жигит келип берген экен. Аны да "жакшы тааныбайм" деп атат», — деп билдирген Сейитов.

Анын айтымында, иштин бардык материалдары Бишкектин прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

«Клооптун» кабарчысына комментарий алуу үчүн «Обама» кафесинин өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болбоду.

ИИМге караштуу Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын мурдагы начальниги Талантбек Исаев 8-февралда Бишкектин «Обама» кафесинде депутат Каныбек Иманалиев менен түштөнүп жаткан кезде столдун алдынан чапталган «тыңшагыч» тапканын айтып чыккан.  

Исаевдин айтымында, ал милицияга арыз жазбоону чечкен, анткени «аны көптөн бери аңдып жүрүшөт».

«Мен видеону талап кылдым. Көрсө тыңшагычты бизди тейлеген официант тиркеп кеткен экен. Менин тааныштарым милицияга кайрылышты», — деп билдирген Исаев «24.kg» басылмасына.

Ошол эле күнү «Обама» кафесинин башкаруучусу Айгерим Абакирова «Клооптун» кабарчысына алардын кызматкери тыңшоону уюштурууга катышканын четке каккан.

«Видео далил бар жана ал жакта коңшу столдо отурган конок тамактанып бүтүп, коё калып калып кетип калганы көрүнүп турат. Учурда бардык видеоматериалдар Биринчи май РИИБинде», — деп маалымдаган  Абакирова.

Талантбек Исаев — соттолгон эл өкүлү Канатбек Исаевдин бир тууганы. Канатбек Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмоктун мэри болуп турган кезде Токмокто муниципиалдык базар жана автостанцияны куруу боюнча жасалма тендер өткөрүү жана коррупция боюнча айыпталган.

2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында Канатбек Исаевге «бийликти күч менен басып алууну даярдоо» боюнча айып тагылган. Ошондон кийин Талантбек Исаев ИИМге караштуу Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын  жетекчилик кызматынан кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: