Аксыда милиционер унаасы менен төрт мугалимди сүзүп, экөө каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда милиционер унаасы менен төрт мугалимди сүзүп, экөө каза болду. Жол кырсыгынан жабыркаган дагы эки окутуучу ооруканага жаткырылды.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков «Клоопко» билдиргендей, Аксынын Кербен шаарында 10-февраль күнү кечинде автоунаасы менен милиционер жолдун четинде бараткан төрт мугалимди сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынан жабыркаган эки мугалим жеринде мерт болуп, экөө ооруканага жаткырылган.

«Аксы районунун ички иштер башкармалыгынын кенже курамдагы кызматкери өзүнүн “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү автоунаасы менен №52 Мамай атындагы орто мектебинин төрт мугалимин жолдун четинде бара жаткан жеринен койдуруп кеткен. Алган жараатынан эки мугалим жеринде көз жумган, экөө Аксы райондук ооруканасына жаткырылды», — деди Турдубеков.

Турдубеков кабарлагандай, айдоочу алдыдагы автоунаадан качуу максатында тайгаланып жол четиндеги тосмону сүзүп, сол капталы менен жол боюндагы жөө жүргүнчүлөрдү койдуруп кеткен.

Маалыматка ылайык, дайындалган экспертиза айдоочунун канында алкогол жок экендигин аныктаган.

Окуя боюнча милиция кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: