Учактын калдыгы. Сүрөт: «Ведомости»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдагандай, Орусиянын Москва облусунун Раменский районунда кыйраган учактын жүргүнчүлөрүнүн арасында кыргызстандыктар жок. Учак кырсыгынан 71 адам набыт болгон.

Кыргызстандын ТИМи 12-февралда кабарлагандай, алдын ала маалыматтар боюнча, учактын бардык жүргүнчүлөрү Оренбург облусунун тургундары болушкан.

«Саратов аба жолдоруна» таандык Ан-148 учагы 11-февралда Москванын чет-жакасында кыйраган. Натыйжада үч баланы кошуп, 71 адам каза тапкан.

Учак Москва убактысы боюнча саат 14:21де Москвадан Орск шаарын көздөй учуп, бир нече мүнөттөн соң радардан көрүнбөй калып, байланышка чыкпай калган.

Куткаруучулар биринчи кара куту менен борттогу айрым бир адамдардын сөөктөрүн табышкан. Аларды тааныш үчүн генетикалык экспертиза керектелет.

Орусиянын тергөө комитети авиакырсык боюнча кылмыш ишин козгоду. Терракт версиясы күмөндүү болуп эсептелинет. «РБК» басылмасы Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги (ӨКМ) маалымат булагына таянып билдиргендей, учактын кыймылдаткычтары жерге тийгенге чейин иштеп турган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбееков авикырсыкта курман болгон адамдар үчүн Орусиянын башчысы Владимир Путинге көңүл айтты.


ТЕМА БОЮНЧА: