Депутат ыргытылган тамекинин калдыктары үчүн штраф салууну сунуштады

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/«Спутник»

Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова көчөдө ыргытылган майда таштанды үчүн 2000 сом штраф салууну сунуштады. Анын айтымында, коомчулуктун маданияты «төмөндөп кеткен», ошондуктан тыюу салынган жерлерде таштанды ыргытуу көнүмүш адатка айланып калган.

Мавлянова өз идеясын 13-февралда коомдук талкуулага чыгарылган мыйзам долбоору катары көрсөткөн.

Мыйзам долбоорунун мааниси — ыргытылган майда таштанды, мисалы: чемичкенин калдыгы, кагаздар, кабыктар, бөтөлкө же тамекинин калдыктары үчүн жарандарга 2000 сом штраф салууда.

«Мында коомчулук тарабынан буларга карата адекваттуу реакция жок, бийликтин тиешелүү жергиликтүү органдары болуп жаткан проблемалар менен тиешелүү деңгээлде күрөшө албай жатышат», — деп эсептейт депутат.

Мавлянова ошондой эле, автоунаалардын терезесинен майда таштандыларды ыргыткан айдоочуларга да 2000 сом штраф салууну сунуштады.

«Бүгүнкү күндө биздин коомдун жалпы маданияты төмөндөөдө, көпчүлүк жарандар үчүн таштандыларды көрүнгөн жерлерге таштоо нормалдуу көрүнүш болуп саналат», — деп жазган ал маалымкат-негиздемеде.

Депутат таштандыларды өрттөө үчүн штрафты 8 миң сомго көбөйтүүнү, ал эми кызматтык адамдар үчүн 15 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Мавлянова коомчулукту таштандыга каршы күрөшкө тартууну сунуштады — анын мыйзам долбооруна ылайык, эгерде факт видеого тартылып алынса, милиция административдик протокол түзбөстөн эле жарандарга штраф сала алат.

2017-жылдын февралында депутаттар машинадан ыргытылган таштанды үчүн санкцияларды талкуулашкан — анда штрафтын өлчөмүн 10 миң сом кылып бекитүүнү сунушташкан. Бирок натыйжада идеяны парламент кабыл алган эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: