Олимпиада-2018: Лыжачы Тариэл Жаркынбаев спринтердик жарышта акыркылардан болуп келди

Тариэл Жаркынбаев Универсиада-2017де. Сүрөт: Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик

Кыргызстандык лыжачы Тариэл Жаркынбаев кышкы Олимп оюндарында спринтердик жарышта акыркы орундарды ээлеп, чейрек финалга өтпөй калды.

Эркектер арасындагы спринтердик жарыштын классикалык түрүндө Жаркынбаев маарага 79-болуп келген. Жалпысынан таймашка 80 лыжачы катышкан.

Ал лидерден бир мүнөттөн ашыгыраак убакытка кеч келип, 4 мүнөт 5,99 секунд убакыт көрсөткөн.

Жарышта спортчулар катарлаш номурларга ылайык, аралыгы 15 секундду кармап, кезектешип старт алышкан. Жаркынбаев жарышка 76чы номер менен чыккан.

Чейрек финалга өтүш үчүн топ-30дан орун алуу керек болчу.

Эркектердин арасындагы спринттин финалы Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 18:34тө болот.

Жаркынбаев — Кыргызстандын чемпиону жана лыжа жарыштарынын Азия кубогунун ээси, ошондой эле, Кыргызстандын биатлон боюнча бир нече жолку чемпиону. Мындан тышкары, Тариэл Австрияда Биатлончулардын эл аралык союзунун (IBU) кубогунун катышуучусу.

Мурдагы жылы 21 жаштагы Тариэл Алматыда өткөн Универсиада-2017де Кыргызстандан барып катышып келген. Анда классикалык спринтте лыжачы 62-орунда маарага жеткен.

Тариэл оюндарга катышуу лицензиясын беш эл аралык старттын жыйынтыктары боюнча ээлеп алган. Бул спортчунун карьерасындагы алгачкы Олимпиада.

Оюндарда кийинкилерден болуп кыргызстандык Евгений Тимофеев старт алат. 18-февралда ал чоң слалом боюнча мелдештердин медалы үчүн күрөшкө чыгат. Таймаштар (Бишкек убактысы боюнча) саат 7:15те башталат.