Саламаттык сактоо министрлиги белек кылынган 15 тез жардам унаасын «кемтиктери» болгон үчүн кабыл албай койду

Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) кемтиктери бар үчүн немис банкы белек кылган 15 тез жардам унаасын кабыл албай койду: кээ бир машиналарда тийиштүү медициналык жабдыктар жок, ал эми алардын бийиктиги талап кылынган нормадан жапыс болгон. Машиналардын жалпы баасы 1,18 млн еврону түзгөн.

ССМдин басма сөз катчысы Елена Баялинова «Клооптун» кабарчысына 15 машина талапка жооп бербестигин, ал эми алардын кемтиктери тез жардам көрсөтүүнүн сапатына таасир эте турганын билдирди.

«Кеп ал жакта жөн гана эшиги сынык сыяктуу эмес, сөз кемтиктер жөнүндө болууда. Машиналардын бийктиги талапка жооп бербейт, ал жакта медициналык аппараттар туташтырылган эмес. Бул машина чийилип кеткен сыяктуу жөн гана кемтиктер эмес, сөз тез жардам көрсөтүү үчүн багышталган бул машиналардын өзгөчөлүгүнө тийиштүүлүгү жөнүндө болууда», — деди ал.

Анын айтымында, ССМ бул машиналарды кабыл алган эмес жана учурда кемтиктерди жоюу талабы коюлуп, камсыздоочу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө аракет кылып жаткан бардык эл аралык уюмдарга өздөрүнүн камсыздоолоруна абдан катуу талап менен мамиле кылуу керектигин сабак катары көрсөтүүдө», — деди Баялинова.

Белекке берилген машиналардын жалпы баасы 1,18 млн еврону түзгөн. Кыргызстанга тез жардам унааларын Немис реконструкция жана өнүктүрүү банкы KFW «Ыкчам медицина» долбоору боюнча берген.

Ошондой эле, Баялинова фэйсбукта келишимге ылайык, бул машиналарды Кыргызстанга 2017-жылдын 22-июлуна чейин эле жеткирип берүүлөрү керек болгонун жазган. Бирок аларды жарым жылдан кийин гана алуу мүмкүн болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: