Догоев Мамкаттоонун башчылыгынан кетти

МККнын мурдагы төрагасы Дастан Догоев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Дастан Догоев элеген кызматынан кетти. Анын ордуна бул кызматка МККнын мурдагы башчысы Алина Шаикова келди.

Догоевдин кызматтан кеткени боюнча 14-февраль күнү кечинде белгилүү болду — бул маалыматты «Клоопко» премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова тастыктады.

Анын айтымында, Догоев кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Кызматтан кетүү боюнча арызга өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон.

Догоев МККнын жетекчилик кызматын бир жылга жетпеген убакыттай ээлеп турду, бирок кызматтын өзүндө дээрлик 4 жыл эмгектенген.

Ал иштеп турган кезде МКК өкмөттүк серверлердин биринде президенттик шайлоого таасир этүү аракети үчүн түзүлгөн мамлекеттик эмес сайт камтылган ызы-чууга кабылган.

МККнын жаңы төрайымы Алина Шаикова болуп калды, ал бул кызматты 2014-215-жылдары аркалаган.