Иллюстрация: Алина Печенкина Kloop.kg үчүн

«Клооптун» редакциясы менен швециялык санарип криминалисттер Кыргызстандын өкмөттүк серверлеринин бири мамлекеттик эмес сайтты камтыганына далилдерди табышкан. Ал сайт президенттик шайлоо учурунда добуш берүүчүлөргө таасир этүү үчүн түзүлгөн.

Кыскача: иликтөө эмне жөнүндө?

  • Кыргызстандын өкмөтүнүн маанилүү серверлеринин биринде мамлекеттик эмес samara.kg сайты камтылган. Бул сервер Мамлекеттик каттоо кызматына таандык. Ал аркылуу Кыргызстандын бардык жарандарынын жеке маалыматтарына: паспорт номурларга, ИНН менен биометрикалык маалыматтарга жеткилик алганга болот.
  • Бийликтегилер samara.kg өкмөттүк серверде турганын четке кагууда, бирок бардык санарип издер көрсөткөндөй, алар калп маалымат берип жатышат, же болбосо өз серверлеринде эмне болуп жатканы жөнүндө билишпейт.
  • Анонимдүү активист бул сайтты Кыргызстандын президентин шайлоого бир жарым күн калганда бузуп кирип, бул тууралуу маалыматты журналисттерге өткөрүп берген. Анын ишендиришинче, samara.kg сайты бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерин башкаруу системасы катары колдонулган.
  • «Клооптун» редакциясы талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында иштеген бир нече үгүттөөчүлөрүнөн көрсөтмөлөрдү алды. Алар шайлоочуларды каттап, добуш берүүгө көзөмөл жүргүзүш үчүн «Самараны» пайдаланганын ырасташты.
  • Өкмөттүк серверге жеткилик алуу кайсы гана болбосун президенттикке талапкерлердин үгүт иштерин олуттуу түрдө жеңилдетиши мүмкүн жана Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын коркунучка кептейт.
  • Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан көбүрөөк добуш алып президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Аны шайлоонун экинчи турунан болгону 4 пайыз алыстаткан.

1-бөлүм. «Самараны» кантип бузуп киришкен?

Кыргызстанда 2017-жылдын сентябрында, президенттик шайлоонун алдында үгүт иштери башталганда анча деле билинбеген samara.kg сайтында олуттуу өзгөрүүлөр болгон.

Кыймылсыз мүлк барагынан ал Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын башкаруу системасына айланган.

Негизги өзгөрүү 13-сентябрда, үгүт кампаниясы башталгандан төрт күн өткөндөн кийин болгон. Ал күнү samara.kg доменин «Hoster.kg» жеке менчик компаниясынын хостиң аянтчасынан 212.112.124.142 ip-дарегинде жайгашкан серверге жөнөткөн.

«Самаранын» DNS жөндөөлөрүндөгү өзгөрүүлөр журналы: домен 212.112.124.142 өкмөттүк серверге көчүп, андан кийин кайра кайтып жатат.

Бул сервер Мамлекеттик каттоо кызматына (МКК) таандык — бул мекеме Кыргызстандын бардык жарандарынын персоналдык маалыматтарын көзөмөлдөйт.

Ал бир нече мамлекеттик долбоорлор үчүн пайдаланылат. Анын ичинде президент Алмазбек Атамбаев менен премьер-министр Сапар Исаковдун сүйүктүү эмгеги болгон «Таза коом» аттуу электрондук өкмөт долбоору дагы бар.

Бир айдан кийин, шайлоого чейин бир күндөн көбүрөөк убакыт калганда, suppermario12 каймана аттуу активист samara.kg сайтын бузуп кирип, «Самаранын» ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтык басылмаларга, анын ичинде «Клоопко» дагы кат жолдогон.

Активист берген маалыматка караганда, «Самара» административдик ресурсту пайдаланган үгүт кампаниясын башкаруу системасы катары иштеген. Сайтта шайлоочулардын маалыматтары чогултулуп, бийликчил социал-демократтар партиясынан президенттикке ат салышып жаткан Сооронбай Жээнбековго добуш бере тургандарды белгилеп турушкан.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев мамлекеттик «Инфоком» ишканасынын алдындагы калкты персонификациялоо борборунда. 2017-жылдын 29-апрели. Фотосүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Өз катында анонимдүү активист сайтты бузуп киргенин мойнуна алып, ал жерде 2 млн шайлоочунун маалыматтары сакталып турганын жазган. Бул системаны түзүүгө жооптуу киши катары suppermario12 мурдагы экономикалык жөнгө салуу министри Учкунбек Ташбаевдин ысымын атаган, анткени бул домен анын атына катталган.

«Бул мырза (Ташбаев — ред.) мамлекеттин атынан шайлоочулардын добушун сатып алуу жараянын жетектеп жатат. Бүгүн, 15-октябрда, шайлоо күнүндө, бул домендеги сайтта, албетте, бардык маалымат эбак өзгөртүлгөн. Эгерде азыр ага кирсеңер, анда бул сайт килемдерди тазалоо боюнча кызмат көрсөтө турганына күбө болосуңар», — деп жазган ал ошондо жалпыга маалымдоо каражаттарына жолдогон катында.

Өз сөздөрүнө далил катары suppermario12 видео чыгарып, анда системанын иштөө принцибин түшүндүргөн:

Suppermario12 видеосун жалпыга ачык эле жарыялаганына карабастан ал жалпыга маалымдоо каражаттары менен катардагы колдонуучулардын көңүлүн бурган эмес — ал жерде эч ким деле ой-пикир жазып калтырган эмес, ал эми видео тасманы миң киши дагы көргөн эмес.

Бирок ал видеодо кызыктуу көп нерсе болгон. Мисалы, видеодо көрсөтүлгөндөй, samara.kg сайтында «Цепочка», «ПИН», «Фамилия», «Имя», «Отчество», «Номер паспорта», «Телефон», «УИК», «Статус» жана «Действия» деген мамычалардан турган таблица болгон. Алардын баары тиешелүү маалыматтар менен толтурулган.

«Цепочка» мамычасында ар бир шайлоочунун ишине жооптуу адамдардын ысымдары көрсөтүлсө, «Статуста» шайлоочу «ырасталганбы» же жокпу жазылган, ал эми «Действияда» шайлоочунун маалыматтарын оңдоо функциясы жайгашкан.

Видео тасмада шайлоочулардын «поцелованный» жана «непоцелованный» деп бөлүнгөнүн көрүүгө болот. Suppermario12нин оюнча, мындай жол менен сатылып алынган жана коркутуп-үркүтүлгөн шайлоочулар белгиленип турган.

Видеодон барактардын URL-дарегин байкаганга болот («Клооптун» журналисттери алардын анык экенин текшерип көрүштү). Алар эмнеге багышталганына ылайык жасалгаланган:

  • samara.kg/ivm/view/voter/controlAgitator.xhtml (шайлоочу/көзөмөлҮгүттөөчү);
  • samara.kg/ivm/view/voter/voterList.xhtml (шайлоочу/шайлоочуТизме);
  • samara.kg/ivm/view/voter/voterVisitor.xhtml (шайлоочу/шайлоочуЗыяратчы).

2-бөлүм. Өкмөт менен байланыш кантип табылган?

Suppermario12нин катынан кийин эле дароо «Клооптун» редакциясы бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү үчүн бул системага тиешеси бар дегендер менен байланыша баштаган — бул жок эле дегенде 47 адамды түзгөн, анын баарын анонимдүү активист өзү берген.

Коопсуз хостиң кызматтарын көрсөткөн швециялык Qurium фондунун санарип криминалисттеринин жардамы менен «Клооптун» журналисттери 13-сентябрдан 13-октябрга чейин samara.kg сайты чын эле МККнын серверинде болгонуна далилдерди табышкан.

Quriumдун баяндамасына бул жерден баш багыңыз.

Qurium — швециялык IT-адистер командасы. Ал 20дан ашуун өлкөдөгү көз карандысыз ЖМКларды санарип коргоо менен алектенет.
Мисалы, алар Азербайжандагы көз карандысыз ЖМКга болгон DDoS-чабуулдар менен жергиликтүү өкмөттүк инфраструктуранын байланышы бар экенин далилдешкен.

Негизги далилдер «Самаранын» доменинин жөндөө таржымалында. Аны Farsight DNSDB Service кызматынын жардамы менен көрүүгө болот.

Бул таржымал көрсөткөндөй, бир ай бою samara.kg домени өкмөттүк серверге багытталып турган. Гугл барактарында сакталган колдонуучулар менен маектер, экрандын сүрөтү далилдегендей, сайт бүт ошол убакыт аралыгында иштеп турган.

Адистер үчүн түшүндүрмө (эксперт эмес болсоңуз, өткөрүп жиберсеңиз болот):

DNSке көз салуу кызматтары (Farsight DNSDB service) hoster.kgнин NS-серверлериндеги DNS-жазууларындагы өзгөрүүлөрдү каттап алган — samara.kgнин домениндеги A-record өкмөттүк сервердин 212.112.124.142 IP-дарегине өзгөртүлгөн. Бирок WHOIS маалыматтар «Азия Инфо» кыргыз домендеринин каттоосунда өзгөрбөстөн калган.

«Клооптун» редакциясы samara.kg сайты — такыр башка контентти көрсөтүп аткан болсо да — бул өзгөрүүлөрдөн кийин деле өз ишин улантканы жөнүндө далилдерди чогулткан. Аларга сайттын кэштелген версиясы, колдонуучулардын жана журналисттердин байкоолору кирет. Бул samara.kg доменинде иштөө үчүн өзгөртүүлөр өкмөттүк 212.112.124.142 серверинде ишке ашканынан кабар берет.

Suppermario12 14-октябрга караган түнү сайтты бузуп киргенден кийин samara.kg доменинин үстүнөн көзөмөлдү колго алган жана аны өзүнүн серверине кайра багыттаган. Бул жол менен кийинки 10 сааттай убакыт аралыгында сайтка кирген адамдар анонимдүү активисттин чечмелеп түшүндүргөн видео тасмасын көрүп турушкан.

Системанын кожоюндары «Самаранын» ишине болгон кийлигишүүнү байкап калышып, 14-октябрь күнү кечинде ошол эле өкмөттүк серверге башка mls.kg аттуу жеке менчик доменди багытташкан.

Шайлоо күнү, 15-октябрда, дал ошол mls.kg шайлоочуларды каттоо боюнча «Самаранын» функцияларын аткарган, ошондуктан suppermario12нин системаны жок кылуу боюнча планы ишке ашпай калган.

Шайлоодон кийин эки домен тең — samara.kg да, mls.kg да — өз серверлерине кайтып келишип, кайрадан күнөөсүздөй болуп көрүнүп калышкан. Samara.kg килемдерди тазалоо боюнча кызмат көрсөткөн сайтка айланса, mls.kg кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктин сайты болуп калган.

«Самаранын» кожоюндары өз системасын IVM деп атап алышкан — бул аталыш samara.kg жана mls.kg сайттары өкмөттүк серверде турган кезде экөөндө тең болгон.

«Ушул факттардын негизинде биз IVM системасы [өкмөттүк] 212.112.124.142 дарегинде иштегенине жетиштүү далилдерди таптык. Ал эми suppermario12 тарабынан жарыяланган видео тереңирээк изилдөөгө себеп болуп бере алат», — деп жазышкан Quriumдун санарип криминалисттери өздөрүнүн баяндамасында.

3-бөлүм. Бийликтин билдирүүсү факттар менен кантип дал келбей калган?

МККнын төрагасы Дастан Догоев «Клооптун» журналистине курган маегинде мекеменин «Самара» менен болгон байланышын түп тамырынан четке каккан. Анын айтымында, samara.kg жана mls.kg сайттары өкмөттүк серверде жайгашышы мүмкүн эмес болгон, ал эми МККнын системасын «буга чейин эч качан бузуп киришкен эмес».

«Samara.kg да, mls.kg да МККнын системасы менен эч кандай байланышы жок, байланыш болушу мүмкүн дагы эмес. Мен сиздерге муну жоопкерчиликтүү түрдө билдирем. Кандайдыр бир үчүнчү жактар биздин серверге физикалык жактан дагы, аралыктан дагы жеткилик алышкан эмес», — деди ал.

Догоевдин айтымында, МККнын системасындагы долбоорлорду ал жеке өзү көзөмөлдөйт, ошондуктан аталган сайттардын өкмөттүк серверде турганы боюнча маалыматы болмок.

Дастан Догоев Алмазбек Атамбаевге биометрикалык паспортту көрсөтүп жатат. 2017-жылдын 29-апрели. Фотосүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Бирок «Клооптун» журналисттери менен Quriumдун изилдөөчүлөрү тапкан маалыматтарга ылайык, Догоев калп айтып жатат, же болбосо өз мекемесинин серверлеринде эмне болуп жатканы тууралуу маалыматы жок.

Кандай болгон чакта дагы МККнын төрагасынын «Клооптун» журналистине айткандары факттар менен дал келбейт.

Ошону менен бирге эле Догоев «Клооптун» журналисти менен жолукканга чейин аталган сайттардын бар экени тууралуу билээрин жашырган жок. Анткени ал интернетте suppermario12 тарабынан чыгарылган видеону көргөн. Бирок МКК кызматтык иликтөө жүргүзбөй эле коюуну чечкен, себеби, Догоевдин айтымында, «ал үчүн эч кандай негиз болгон эмес».

«Мындай маалыматтар бизден алынышы мүмкүн эмес. Мен бул маселени жеке өзүм көзөмөлдөйм жана бизде бузуп кирүү же жылчык болбогонун жоопкерчиликтүү түрдө ишендирип айтып кетким келет. Ошондуктан биз кандайдыр бир ички иликтөө жүргүзгөн жокпуз», — деди Догоев.

МККнын төрагасынын оюнча, «Самара» адамдар тууралуу маалыматтарды ачык булактар менен шайлоочулардын өздөрүнөн алган. Догоевдин айтымында, ал жетектеген мекеме 19 өз алдынча базада сакталат жана аларга түздөн-түз эч ким жеткилик ала албайт.

«Системаларыбыздын эч бири, эч кандай жалпыга ачык булак базага түздөн-түз жеткилик ала албайт жана коопсуздук жагынан алып караганда ала дагы албайт», — деп ишендирди ал.

Quriumдун техникалык директору Торд Лүндстрөм suppermario12 тарабынан чечмелеп түшүндүргөн видео жарыкка чыккандан кийин деле МКК кызматтык иликтөө баштабаганына таң калган.

«Клооптун» журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатып Догоев кантип samara.kg бир ай бою өкмөттүк серверге багытталган DNS менен иштегенин түшүндүрүп берген жок.

4-бөлүм. Кантип Ташбаев «эч нерсе билбейт»?

Мурдагы экономикалык өнүктүрүү министри жана геология боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Учкунбек Ташбаев «Клооптун» журналистине samara.kg анын атына катталганын ырастады.

Ал samara.kg доменинин бийликчил талапкердин шайлоо үгүт иштерин башкаруу системасы катары пайдаланылганы тууралуу эч нерсе билбей турганын жана ал үгүт иштери менен такыр алектенбегенин айтууда. Ал өз доменин ижарага бербегенин, андан башка дагы бир нече кызматкерлер сайтка жеткилиги бар экенин айтты.

«Менде андай эч нерсе жайгашкан эмес. Негизи, оюмча, ал сайтка үч эле адам кирген, аны эч ким деле билген эмес», — деди ал.

Учкунбек Ташбаев (оңдо).

Андан тышкары, Ташбаев өзүнүн доменинин өкмөттүк сервер менен болгон байланышы тууралуу эч нерсе билбей турганын айтты — бул маалыматты ал «сандырак» деп атап, МКК менен эч кандай байланышы жок экенин кошумчалады.

«Мени ал жакка мылтык такаса да киргизишпейт. Менин өмүр баянымды окусаңыз», — деди ал.

Балким, Ташбаев геология боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп турган кезде кызмат абалын кыянат пайдалануу боюнча айыпталып, 2012-жылы жатак абакка беш жылга эркинен ажыратылганын айткысы келгендир.

Мурдагы аткаминердин айтымында, ал samara.kg доменин өзүнүн килем тазалоо боюнча «стартабы» үчүн колдонот. Ал өзүнүн бизнесин «ийгиликсиз» деп атайт. Анткени, ага ушул убакыт аралыгында болгону бир нече гана адам кайрылган.

Ташбаевдин айтымында, учурда samara.kg сайтын башкаруу менен эч ким алектенбейт жана аны ким иштеп чыкканын эстей алган жок.

5-бөлүм. Сайттын администратору кантип өз көрсөтмөлөрүндө адашып кетти?

«Клооптун» журналисттери samara.kg сайтынын администраторун тапты — ал Ташбаевдин кесиптеши, «Ихлас» курулуш компаниясынын 20 жаштагы кызматкери Денис Поважный болуп чыккан.

Журналисттер менен сүйлөшүп жатып Поважный эч ким тарабынан ырасталбаган көп маалыматтарды айтып берди. Ошондуктан анын айткандарынын чын-төгүнү боюнча өтө чоң күмөн жаралууда.

Мисалы, samara.kg доменинин өкмөттүк серверде жайгашканын ал «АзияИнфо» интернет провайдеринин «бузулушу» менен түшүндүрдү. Доменди алар ошолордон сатып алышкан.

Денис Поважный.

«Алар жөн эле [samara.kg доменин] башка сервактарга багыттап жатышкан. Биз аларга телефон чалып, алар кайра кайтарып жатышкан, анан бир нече убакыттан кийин алар кайра эле DNSти жөнөтүп жатышты […] Башында кайсы бир орусиялык сервактарга дагы жөнөтүп турушкан, мен айпишниктерди караганымды эстейм. Кийин кандайдыр бир биздикине, андан соң ал такыр эле жеткиликсиз болуп калган. Кийин болсо төрт саат бою Порнхаб ачылып жаткан. Башкача айтканда, алар кандай кааласа, ошентип өзгөртүшкөн», — деп сүрөттөдү Поважный «бузуп кирүүнү» Kloop.kgнин журналистине.

Бул сөздөр DNS-серверлерге көз салган кызматтар тарабынан ырасталган жок — Поважный айтып жаткан Порнхабга жөнөтүү, мисалы, катталган эмес.

«АзияИнфо» компаниясынын директору Александр Самойленконун айтымында, 2017-жылдын күз айларында аларда эч кандай бузуп кирүү болгон эмес. «Бизди эч ким бузуп кирген жок. Ал жолдоштун сайтында эмне болгонуна, чынын айтканда, комментарий берүүдө кыйналып жатам», — деди ал.

Андан тышкары, Поважный бир нече талаш жараткан билдирүү жасады. Мисалы, ал samara.kg сайтынын кожоюну «АзияИнфо» компаниясын сотко бергенин айтты, бирок Ички иштер министрлигинен «Клооптун» журналистине айтышкандай, аларга эч кандай арыз келип түшкөн эмес.

Ошондой эле Поважный ага «мамлекеттик органдардан» чалышып, «иликтөө» аягына чыкканга чейин өлкөдөн чыкпай турууну өтүнүшкөнүн айтты. УКМК менен ИИМ кандайдыр бир иликтөө жүргүзүлгөнүн төгүнгө чыгарды.

Акырында Поважный билдиргендей, samara.kg 2017-жылдын жай мезгилинин башынан бери килем тазалоо кызматын көрсөткөн сайт болгон. Бирок анын бул сөздөрү факттар менен дал келбейт — Quriumдун эксперттери санарип издер менен аныктап чыгышкандай, samara.kg сайты сентябрдын ортосунда «Ихлас» курулуш фирмасы менен байланышкан кыймылсыз мүлк агенттиги тууралуу айтып берип турган.

Samara.kg сайтынын таржымалы.
Samara.kg сайтынын таржымалы.
Samara.kg сайтынын таржымалы.
Samara.kg домениндеги килем тазалоочу сайттын мазмуну дээрлик толугу менен perfect1.kz казак сайтынан көчүрүлүп алынган.

6-бөлүм. Кураторлор кантип иштешкен?

«Клооптун» редакциясы шайлоо күнү, 15-октябрда suppermario12 менен байланыша алган.

Кыскача катында ал «Самарадан» №1260 шайлоо участкасындагы маалыматтарды эле жүктөп ала алганын айткан.

Ал ошол базадагы бардык 2 млн адамдын маалыматтарын жүктөп ала албай калганын, анткени «кичине ката кетирип, суу астындагы таштар жөнүндө билбегенин» кошумчалаган.

«Бул жерде олуттуу адамдар бар, мен аларды бузуп кирмекмин, ошондуктан [баарлашуу] бир гана ушул почта аркылуу», — деп жазгандан кийин активист журналисттердин каттарына жооп бербей калган.

Бирок suppermario12 «Клооптун» редакциясына №1260 шайлоо участкасы боюнча 600дөн ашуун шайлоочу жөнүндөгү кеңири маалымат камтылган таблицаны берүүгө үлгүрүп калган эле. Ал жерде негизинен Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) мугалимдери менен башка аймактардан келген ошол эле окуу жайдын студенттери болгон.  Ал эми ошол 600 шайлоочунун ичинен канчасы «поцелован» болуп-болбогону белгисиз.

КМТУнун Талант аттуу студенти «Клооптун» журналистине айткандай, ал өзү тууралуу маалыматтар аталган таблицага кандайча түшүп калганын билбейт. Анын айтымында, өзү тууралуу мындай кенен маалыматты окуу жайы аркылуу №2 формасын толтуруп атканда гана жазган. Бул форма шайлоочу өзү катталган даректен башка жерде шайлагысы келгенде толтурулат.

Талант мугалимдер студенттерди бийликчил талапкер Жээнбековго добуш бергиле деп мажбурлабаганын, бирок ошого ишарат кылганын айткан. Ал кошумчалагандай, бул окуу жайда аны менен катар башка талапкерлердин дагы үгүт иштери жүргүзүлгөн.

Шайлоо күнү «Клооптун» журналисттери «куратор» болуп көрүнүп, suppermario12 берген тизмедеги айрым студенттерге чалып, «макулдашылгандай» добуш бериштиби-жокпу сурап чыгышты.

Айрым студенттер суроолорго оң жооп берип, «тогузунчу номурга», башкача айтканда, Жээнбековго добуш бергенин айтышкан. Калгандары болсо «макулдашылгандай эле» добуш беришкенин, бирок башка талапкерди, мисалы, Өмүрбек Бабановду шайлаганын айтышкан.

Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, «Таза Коом» эл аралык конференциясында. 2017-жыл 30-май. Фотосүрөт: Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы.

Ошондой эле, «Клооптун» журналисттери Жээнбековдун штабында иштеген жана «Самараны» пайдаланган бир нече үгүтчүлөр менен кеңири сүйлөшө алышкан.

Алар мындай система бар экенин ырасташканы менен өз коопсуздугу үчүн тынчсызданышып, белгисиз бойдон калууну каалашты.

Алардын айтымында, ар бир үгүтчү «Самара» системасында өзүнүн эсеп жазуусуна ээ болгон. Ал жерге өздөрү чогултушкан шайлоочулардын паспорт маалыматтарын кол менен киргизип турушкан. Топтологон маалыматтардын анык экени кийин талапкердин штабында текшерилген.

«Самара» Кыргызстандын бардык жарандарынын маалыматтарына жеткилик берген өкмөттүк серверде тургандыктан, маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча бир топ жеңилдик жаралган.

«[Штабын операторлору] алып [шайлоочулардын топтолгон паспорттору] жарайбы-жокпу, биометрикасын тапшырганбы-жокпу биринчи текшеришет. Эгерде биометрикасы бар болсо жана дареги менен шаардык каттоосу жол берсе, алар бул паспортту кабыл алышып, "Самарага" киргизишет. Биометрикасы жок болгондор, же болбосо шаардык каттоого туура келбесе, алар паспортторду кайтарып беришип, ал [шайлоочу] өтпөй калат», — деди үгүтчү «Клооптун» журналистине.

Үгүтчүнүн сөзүн «Чындык» басылмасы тарабынан чыгарылган видео дагы бекемдейт. Видеодон Жээнбековдун штабынын операторлору үгүтчүнүн кызмат акысын талкуулашып, тартылган шайлоочулардын «Самарага» киргизилип-киргизилбегенин сурайт.

— Силерде канча [шайлоочунун маалыматы бар]? — деп сурайыт штабдын кызматкери.

Менде азырынча беш, — деп жооп берет видеодогу кыз.

«Самарага» коштуңарбы?

Жок, мага азырынча аны бере элек.

7-бөлүм. КСДП кантип эч нерсени уккан эмес?

Президенттик Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) шайлоо боюнча үгүт штабынын кызматкерлери «Самараны» колдонуу тууралуу комментарий бере алышкан жок. Алар муну шайлоо аяктаганы жана штаб жоюлганы менен түшүндүрүштү. Азыр болсо комментарий бергенге укуктуу болгон эч ким калган эмес дешти алар.

Штабдын пиар-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Нурай Марс үгүт иштери кандай жүргөнү боюнча комментарий бере албасын, анткени штабдын ишмердүүлүгү эбак соңуна чыкканын айткан.

Штабдын башка кызматкерлери сүйлөшүүдөн баш тартышты, анткени алар үгүт кампаниясында иштебей калышкан.

КСДПнын мүчөсү Беназир Нурланова штабдагылардан сурап, үгүт иштери кандай жүргөнү боюнча сурап билип берем деп, бирок натыйжада журналисттер менен сүйлөшүүнү эч кимиси каалаган жок.

«Мен аракет кылып, биздикилерге жөнөткөм, бирок эч ким жооп берген жок. Эч ким такыр жооп бербей жатат», — деди Нурланова.

Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Клооптун» журналисти менен болгон маекте «Самара» жөнүндө эч нерсе билбесин айткан.

«Кандай kg? Кечиресиз, бул эмне? Келиңиз, тактап көрөйүн, мен башка жакта жүргөм, билбейт экем», — деп жооп берди ал «Самара» тууралуу журналисттин суроосуна.

Штабдын жетекчиси Фарид Ниязов «Клооптун» журналистинин телефон чалуусуна жооп берген жок, бирок мессенжердеги билдирүүгө үн каткан — Ниязов «бул эмне болгон сайт?» деп жазган бойдон кайра байланышка чыккан жок.

Фарид Ниязов (оңдо), президент Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, Сооронбай Жээнбековдун штабынын жетекчиси болгон. Фотосүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

Кочкор районундагы Жээнбековдун штабынын мурдагы кызматкери Бакыт Бейшенбеков жушушта эч кандай сайт колдонулбаганын жана «Самара» аттуу сайт тууралуу укпаганын айткан. Алардын районунда интернет боюнча көйгөйлөрдөн улам штабда сайт пайдаланылбай эле шайлоочулардын маалыматтарын компьютердеги документке киргизип турушкан.

Бейшенбеков борбордук штабга Жээнбековго добуш бергенге макул болгондордун санын гана жөнөтүп, ал эми шайлоочулардын маалыматтары аймактагы штабда калганын айткан.

Иликтөөнүн авторлорунан корутунду. Мунун баары шайлоого кандайча таасир эткен болушу мүмкүн?

Президенттик шайлоодогу көптөгөн байкоочулар административдик ресурс колдонулганын билдирип чыгышты. Бул эмнени билдирет? Бул мамлекет талапкерлердин бирине атаандаштарында болбогон мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берген болушу ыктымал дегендикке жатат.

Өкмөткө ыңгайлуу болгон талапкерге ошол өкмөттүн кол алдындагы адамдар (ал түгүл мыйзамсыз жол менен да) үгүт иштерин жүргүзүштү. Алар: окуу жайлардын мугалимдери, эже-агайлар, дарыгерлер жана башка бюджеттик кызматкерлер.

Үгүтчүлөрдүн армиясын табууга кажет деле жоктой — анткени он миңдеген адамдар сенин кол алдыңда. Алар сенден көз каранды болгондуктан, демек сени сатып кетпейт.

Туурабы? Андай эмес. Келгиле, абалга административдик ресурс колдонгон талапкердин көзү менен карап көрөлү.

Он миңдеген адамдардын сенден көз карандылыгынан пайдаланып каалаган нерсеңди аларга кантип жасатасың? Бул тапшырма өтө деле оңой эмес.

Маселе башкада. Мисалы, жогорку окуу жайдын шарттуу түрдөгү чарба иштери боюнча проректору ошол жердеги студенттерди белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө ынандырышы керек.

Андан тышкары, аларга аймактардан келген студенттерди окуу жай жайгашкан шайлоо участкасына каттоого турууга көндүрүүгө туура келет. Анан ал тиешелүү түрдө добуш берүүгө ишендирип, же коркутуп алышы керек, анткени ал шайлоого адамдардын келишин көзөмөлдөйт.

Бул татаал жараянда эмнелер гана болбойт!

Мисалы, проректор жөн эле буйрук бериши мүмкүн, студенттердин аз экенин айтышы мүмкүн, студенттер участкага катталбай, же болбосо шайлоого келбей коюшу да ыктымал.

Ошондуктан биздин шарттуу түрдөгү проректордун кокустук менен эле тандалып калган студентке телефон чалып, чын эле проректор менен сүйлөшкөнүн тактаган текшерүүчүсү болушу керек.

Ошондой эле, бул текшерүүчү ар бир студент тууралуу максималдуу түрдө жеке маалыматтарга ээ болушу кажет. Анткени, проректор жок эле адамдарды ойлоп таап албагыдай кылып, алардын керектүү участкада катталган фактысына анык ишениши керек.

Андан тышкары, текшерүүчүдө коркутуп алынган шайлоочулардын  — участкада келип-келбегенин текшериш үчүн — сүрөттөрү менен биометрикалык маалыматтары болушу зарыл.

(Жакшы, Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн маалымат базасын административдик ресурс колдонгусу келгендерге эч качан бербейт… Упс!).

Эгер биз муну өлкө боюнча чоңойтуп карай турган болсок, татаал логистикалык тапшырмага туш болобуз: жүздөгөн шарттуу түрдөгү проректор-кураторлор, жүздөгөн текшерүүчүлөр, он миңдеген коркутуп алынган студенттер менен бюджеттик кызматкерлер.

Мунун баарын жөнгө салыш үчүн интернетте иштеген система керек. Анын жардамы менен кураторлор үгүт иштери, коркутуп-үркүтүүлөр жана сатып алуулар боюнча отчет бере алышат. Ал эми текшерүүчүлөр болсо, текшерүүнүн жыйынтыктары, каттоо жана шайлоого адамдардын келиши боюнча көзөмөл жүргүзө алышат.

Максималдуу түрдө натыйжалуу иштеш үчүн бул система шайлоочулар тууралуу маалыматтарды камтыган — мүмкүн болсо сүрөттөрү жана биометрикалык маалыматтары менен — маалымат базасынын кеңири тармагына жеткилик алышы керек болот.

«Самара» ушундай системага окшош бекен? Ооба, аябай окшош. «Самара» натыйжалуу иштеп, Жээнбековдун жеңип чыгышы үчүн жардам берди деп тыянак чыгара алабызбы? Азырынча, жок.

Бирок, жок эле дегенде аталган система бир ай бою өкмөттүк серверде камтылганын биз анык билебиз.

Анан Кыргызстандын бийлиги мунун баарын эмнегедир четке кагып, мойнуна албай атканын дагы билебиз.


Эгер сизде «Самаранын» ишмердүүлүгү жана ал президенттик шайлоонун жыйынтыктарына кантип таасир эткени боюнча кандайдыр бир маалымат болсо бизге жазыңыз жана телефон чалыңыз: 

 

 

Авторлору: Ринат Тухватшин, Александра Ли, Марина Сколышева

Контрибьютор: Айдай Эркебаева

Редакторлор: Элдияр Арыкбаев, Бектур Искендер

Кыргыз тилине которгон: Элмурат Асан

Верстка: Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: