Тогуз-Торо: мал издеп кеткен эки тургундун сөөгү табылды

Жалал-Абад облусундагы Бирдик айылынын эки тургунунун сөөгү 15-февралда кар астынан табылды. 42 жана 29 жаштагы эки айыл тургуну 6-февралда мал издегени Кабак кыштоосуна кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Тогуз-Тородо мал издегени кетип дайынсыз болуп жаткандардын сөөгү тогуз күндөн соң кар астынан табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

«Издөө иштерине 32 жергиликтүү тургун жана төрт атчан куткаруучу тартылган. Эки жарандын сөөгү 15-февралдын таңында кар астынан табылды», — деп кабарлады ӨКМ.

ӨКМден билдиришкендей, айылдын үч атчан тургуну 6-февраль күнү Кабак кыштоосуна мал издегени кетишкен. Алты күндөн соң алардын бири айылга кайтып, эки шеригинен адашып калгандыгын айткан.

Ошол күнү жергиликтүүлөр өз алдынча издөө иштерин баштап, 14-февралда ӨКМнин куткаруучулары тартылган.


ТЕМА БОЮНЧА: