Ош облустук соту «адам өлтүргөн» эки аскерди өмүр бою эркинен ажыратты

Келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн эки аскер «адам өлтүрүү» боюнча айыпталып, өмүр бою абак жазасына кесилди.

Ош шаарындагы куралдуу күчтөр түзүмүндө келишимдик негизде кызмат өтөгөн 22 жана 23 жаштагы аскерлерди 15-февралда Ош облустук соту «адам өлтүрүү» үчүн өмүр бою абак жазасына кести. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз катчысы Безкат Осмонкулов «Клоопко» билдирди.

«Ош облусттук сотунун коллегиясынын өкүмү менен куралдуу күчтөр түзүмдөрүнүн аскерлери "адам өлтүрүүгө" күнөөлүү деп табылып, алардын мүлкү конфискацияланып өмүр бою эркиндигинен ажыратылды», — деди Осмонкулов.

Осмонкулов маалымдагандай, буга чейин чыгарылган Ош шаардык сотунун өкүмүнө нааразы болгон жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү облустук сотко даттанып, эки аскердин жазасын күчөтүүнү өтүнгөн.

Өткөн жылдын 21-декабрында Ош шаардык соту жоокерлерди «адам өлтүрүү», «аскерден качуу» жана «автомобилди ээлеп алуу жана сатуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркиндинен ажыраткан.

Ошондой эле, сот жоокерлерди биргелешип жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө 694 миң сомго жакын материалдык жана 1 млн сом моралдык зыян тарткандыгы үчүн акча каражатын төлөөгө милдеттендирген.

Соттун маалыматына ылайык, келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн жарандар 2017-жылдын 5-августунда аскер бөлүгүнөн качышып, Ош шаарынын тургунан Араван районуна жеткирип коюуну айтышкан.

Жолдо айдоочуну «муунтуп өлтүрүшкөн» аскерлер машина менен Бишкекке чейин жетип, аны сатууга аракет кылышкан. Андан кийин аскерлердин бири окуя болгондон кийин өз күнөөсүн мойнуна алып, Ошко келип командирине кабарлаган.


ТЕМА БОЮНЧА: