ЖЭБдин жетекчилиги: Авариянын келип чыгышына адамдык фактор таасир эткен

Бишкек ЖЭБи

Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) башчысы Андрей Воропаевдин айтымында, авариянын келип чыгышына адамдык фактор таасир эткен. Анын айтымында, станциянын начальниги авария болгон күнү «кырдаалды өз убактысында колго ала албай» калган.

Парламентарийлер менен журналисттер жылуулук борборуна 16-февраль күнү эртең менен барышты.

ЖЭБдин башчысы Андрей Воропаев суроолорго жооп берип жатып, авариянын келип чыгышына адамдык фактор таасир эткенин айткан.

«Насостун иштөө тартиби кызматкерлер тарабынан көзөмөлгө алынбай калып, ага аба кирип кеткен. Насоско аба суу чогулткучта суунун деңгээли төмөндөп кеткени үчүн кирип кеткен. Жабдык эрте эле ишке кирип, темепературанын төмөндөшүнө даяр болушу керек болчу, бирок мындай буйрукту химиялык цехтин начальниги да, станциянын кезметинин башчысы да берген эмес. […] Мен түшүнгөндөй, станциянын начальниги өз убагында кырдаалды колго ала албай калган», — деди Воропаев.

ЖЭБдин жетекчилигинин авариянын себептери боюнча версиясы «Улуттукэнергохолдингдин» башчысы Айбек Калиевдин авария боюнча айткандарына жарым-жартылай дал келет. 31-январда Айбек Калиев парламенттин алдында отчёт берип жатып, авариянын келип чыгуусуна бузулган насос себеп болгон деп билдирген.

14-февралда водомстволор аралык комиссия Бишкек ЖЭБдеги авариянын келип чыгуусунун алдын ала себептерин жарыялаган.

Комиссиянын пикири боюнча, авария ишкананын кызматкерлеринин мүчүлүштүктү жоюу боюнча макулдашылбаган аракеттеринен, жабдыктардын жана имараттардын суукка даяр эместигинен, ошондой эле үчүнчү энергоблокту кошуу кечеңдегендиктен болгон.

Комиссиянын отчётунда «Электр станциялар» ишканасынын кызмат адамдары «одоно эреже бузуулардын» чыгышына жол беришкен деп жазылган, анткени аларга аномалдык суук болоору жөнүндө алдын ала эскертүү берилген.

Ошондой эле текшерүү ЖЭБдин кызматкерлери 26-январда өз маалында үчүнчү от казанды кошпой коюшканын көрсөткөн, бирок ал толугу менен ишке даяр болчу. Натыйжада 240 тонналык от казанды 30-январда ишке беришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: