Элдин каршылыгынан Тогуз-Тородогу алтын комбинатынын курулушу токтотулду

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда элдин нааразычылыганан улам «Жи Эл Макмал девелопинг» алтын фабрикасынын курулуш иштери токтотулду.

Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов жергиликтүү тургундардын эки жолку нааразычылык акциясынан кийин алтын кайра иштетүүчү ишкананын жабылганын 19-февралда «Клоопко» билдирди.

«Себеби, район эли ага каршы чыгышып, токтом кабыл алышкан. Тургундардын токтомунун жана Экотехинспекциянын билдирүүсүнүн негизинде "Жи Эл Макмал девелопинг" алтын комбинатынын курулуш иштери токтотулду», — деди Идирисов.

Комбинаттын курулушу элдин саламаттыгына зыян келтирет деп, буга чейин ушул жылдын февраль айынын башында жергиликтүү жашоочулар эки жолу митингге чыгышкан.

«Жи Эл  Макмал девелопинг» комбинаты 2017-жылдын сентябрь айынан тарта курула баштап, 2018-жылдын июнь айына бүтөөрү пландалган.


ТЕМА БОЮНЧА: