Жээнбеков УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын директорун бошотту

УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматтын мурдагы башчысы Дүйшөнбек Чоткораев. Сүрөт: Султан Досалиев/Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Антикоррупциялык кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кызматтан бошотту. Бул коррупцияга каршы курөшүү маселелери боюнча мекеменин дарегине карата катуу сын айтылгандан кийин болду.

Чоткараевди кызматтан бошотуу боюнча буйрукка 19-февралда кол коюлган. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, УКМКнын Антикоррпциялык кызматынын директору «берген арызына ылайык» бошотулган.

Чоткараев атайын кызматтарда 1992-жылдан тарта иштей баштаган, ал эми үч жылдан кийин УКМКда жетекчилик кызматтарды ээлеп калган. Ал 2010-жылы өткөөл мезгилдеги президент Роза Отунбаеванын буйругуна ылайык, УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Чоткараев 2016-жылдын ноябрында бир эле учурда УКМКнын төрагасынын орун басары болуп калуу менен бирге, жаңы түзүлгөн Антикоррупциялык кызматтын директорлук кызматына бекитилген.

Чоткараев Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан айтылган катуу сын пикирлерден кийин кызматтан кетти. Президент коррупцияга каршы күрөшчүлөрдү алар өздөрү «ага батып калышкан» деп билдирип, сынга алган.  

Жээнбековдун айтымында, УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызмат «кол тийбестердин кастасына» айланып калган.

«2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Башкача айтканда, орто эсеп менен бир айда бир жарым факты аныкталган», — деп билдирген президент.

Жээнбеков алардын ишмердигин «натыйжасыз» деп атап, Антикоррупциялык кызматтын кадрдык курамында турган ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келээрин карап чыгуу зарылдыгын билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: