Аким чек арадагы жаңжал учурунда жумуш ордунда жок болгону үчүн сөгүш укту

Премьер-министр Сапар Исаков Баткен облусунун Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратовго «катаал сөгүш» жарыялады  — аткаминер кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан учурда жумуш ордунда жок болгон.

Бекмуратовго сөгүш 14-февралда эле жарыяланган — райондун акими кыргыз-тажик чек арасында уруксатсыз курулган көпүрөнүнүн айынан чыр чыккан учурда жумуш ордунда жок болгон.

«Сөгүш чек арада жаңжал болуп аткан учурда аким жумуш ордунда жок болуп чыкканына байланыштуу жарыяланды», — деди премьер-министрдин басма сөз катчысы Урмат Кабылова.

Буга чейин 8-февралда тажик чек арачылары бир таптуу эки көзөмөл-өткөрмө түйүнүн жаап, чек арада аскерлерди коюп алышкан.

Чырдын чыгуусуна кыргызстандыктар чек аранын талаштуу тилкесинде мектеп окуучулары үчүн көпүрө курушканы себеп болгон.

Бир күндөн кийин көзөмөл-өткөрмө түйүнү ачылган жана Кыргызстан менен Тажикстандын бийлиги Гулякандоз каналы аркылуу жаңы көпүрө курууну макулдашышкан. Мурда жергиликтүүлөргө каналдан көпүрө катары орнотулган контейнер аркылуу өтүүгө туура келген.


ТЕМА БОЮНЧА: