Депутат Бишкек ЖЭБинин башчысынан тажрыйбалуу кызматкерлерди кызматынан бошотпоону суранды

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев Бишкек Жылуулук борборундагы (ЖЭБ) авариянын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын жыйынында, иликтөө аягына чыканга чейин тажрыйбасы мол кызматкерлерди жумуш ордунан бошотпой туруу керектигин билдирди.

Масалиев өз сунушу менен 20-февралда депутаттык комиссиянын жыйынында Бишкек ЖЭБдин жаңы директору Андрей Воропаевге  кайрылды.

«Ведомстволор аралык комиссия жетекчилер менен жөнөкөй кызматкерлерди бошотууну сушутаган. Жөн гана бошотууну. Тажрыйбасы бар адамдарды кызматтан кетирбегиле. Аларды которуп койсо болот. Кызуу кандуулукка алдырбагыла», — деп келтирди Масалиевдин айткандарын «24.kg» басылмасы.

Буга Воропаев ЖЭБдин кызматкерлерин кызматтан алуу боюнча акыркы чечимди премьер-министр Сапар Исаков кабыл алат деп жооп берди.

Мурдараак биринчи вице-премьер-министр жана ведомстволор аралык комиссиянын башчысы Аскарбек Шадиев өкмөт 26-январда болгон Бишкек ЖЭБиндеги аварияга күнөөлүүлөргө карата «катаал чараларды» көрөт деп убада берген.

Комиссия станциянын башкы инженери Нургазы Курманбековду, Өндүрүштү даярдоо боюнча директордун орун басары Алтынбек Айтикеевди жана Эксплуатация боюнча башкы инженердин орун басары Юрий Календаревду кызматтан бошотууну сунуштаган.

Ошондой эле, ЖЭБдин мөөнөт башчысы Калыс Жаманкулов менен химиялык цехтин башчысы Даркүл Жаныбаевага сөгүш жарыялоону, ал эми анын орун басары Татьяна Бородинанын ээлеген кызматынан бошотууну сунуштаган.

Өкмөт «Улуттукэнергохолдингдин» башчысы Айбек Калиевге жана анын орун басары Нурлан Сыдыковго, ошондой эле, Мамэкотехинспекциянын директорунун орун басары Болот Жусуевге катуу сөгүш берүүнү сунуштаган.

Ал эми «Электр станциялар» ишканасынын директору Узак Кадырбаевге да сөгүш жарылоо сунушталып, анын орун басары Бердибек Боркоевди ээлеген кызматынан бошотуу талап кылынган.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоону 2-февралда калыбына келтирүү мүмкүн болгон.

ЖЭБдеги авария боюнча депутаттык комиссия 14-февралда иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялаган. Комиссиянын мүчөлөрү авария ишкананын кызматкерлеринин мүчүлүштүктү жоюу боюнча макулдашылбаган аракеттеринен, жабдыктардын жана имараттардын суукка даяр эместигинен улам болгон деген жыйытыкка келишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: