Нарын: Бир баласына эки баланын жөлөкпулун алып турган келиндин иши боюнча кылмыш иши козголду

Тергөөнүн версиясы боюнча, аткаминерлер жергиликтүү мугалимге эки баланын төрөлгөндүгү үчүн жөлөкпул алууга мүмкүндүк берип, документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен, бирок иш жүзүндө ал бир эле бала төрөгөнү аныкталган.

Ат-Башы райондук прокуратурасы жериликтүү билим берүү бөлүмүнүнүн кызматкерлери Талды-Суу айлындагы мектептин мугалими менен көмүскө келишим түзүүгө барышканын аныктаган.

Алар бала төрөлгөнү боюнча документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен, ага ылайык, мугалим аял эки бала төрөгөн деп жөлөкпул алган, ал эми иш жүзүндө бир эле бала төрөгөн.

Прокуратурада аткаминерлердин аракеттеринен улам мамлекетке 125 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгенин аныкташкан.

Ат-Башы райондук прокуратурасы 14-февралда «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «кызматтык жасалмачылык», «алдамчылык» жана «шалаакылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.   

Иликтөө иштери менен Нарын облусу боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы алектенүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: