Сот «Вечерний Бишкектин» мурдагы ээсин алты жылга шарттуу кести

«Вечерний Бишкек» басылмасынын мурдагы ээси Александр Ким

Бишкектин Свердлов райондук соту «Вечерний Бишкектин» мурдагы ээси Александр Кимди эки жыл сыноо мөөнөтү менен 6 жылга шарттуу эркинен ажыратты. Ошондой эле, ал басылманын учурдагы ээси Александр Рябушкинге 27 млн сом кун төлөп берүүгө милдетендирилди.

Сот айыпталуучунун ден соолугун, жашын жана анын сыйлыктарын эске алып мындай чечим чыгарды. Бирок, судья Александр Кимди «Вечерний Бишкектин» учурдагы ээси Александр Рябушкиндин пайдасына 27 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Айыптоо тарап Кимди күнөөлүү деп таанып, анын мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен 6 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын талап кылган.

Александр Ким жана анын адвокаттары райондук сотттун чечимин Бишкек шаардык сотунда даттанышат.

«Вечерний Бишкектин» мурдагы ээсин басылмадан дивиденддерди мыйзамсыз алууга айыпташууда.

2014-жылы «Вечерний Бишкектин» мурдагы энчилеши Александр Рябушкин өз акцияларынын жарымын кайтарыш үчүн сотко кайрылган.

2000-жылы компаниялардын үлүшүн мурдагы президент Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаев сатып алган соң, Рябушкин «Вечерний Бишкекке» ээлик кылган «Рубикондун» акцияларынын жарымынан кол жууган.

Рябушкин келишим кысым астында түзүлгөнүн билдирип, ага «Рубикондун» акцияларынын 50 пайызын жана басылма иштеген 15 жыл үчүн компенсация иретинде 15 миллион долларды өзүнө кайтарып берүүнү талап кылган.

Соттун чечими менен Александр Рябушкин Кимге таандык болгон 50 пайыз акцияларга ээ болгон. Ошондон кийин «Вечерний Бишкекте» директорлор кеңешинин курамы алмашылган.

Ким менен «Вечерний Бишкектин» жамааты ырасташкандай, мындай чечимдин артында «бийлик турат».


ТЕМА БОЮНЧА: