Бабанов «Вечерний Бишкекти» шайдоодо аккредитациядан ажыратууну талап кылды

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынан «Вечерний Бишкек» басылмасын шайлоодо аккредитациядан ажыратууну талап кылышууда. Алардын дооматына «чындыкка дал келбеген» материалдын чыгышы себеп болгон.

Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков «Вечерний Бишкекке» каршы арызданып БШКга кайрылды.

Ирискулбеков Kloop.kgнин журналистине курган маегинде, басылмага жарыяланган «Жаңжалдуу "Коопсуз Шаар" же Талапкер эмне жөнүндө үндөбөй жатат (О чем молчит кандидат?)» деген материалдар чындыкка дал келбегенин билдирди.

Макалада «Коопсуз Шаар» долбоорунун ишке ашпай калуусуна Бабанов күнөөлүү деп айтылат.

«Ал [макала] көзкөрүнөө такталбаган маалыматты билдирет. Долбоордун ишке ашпай калуусуна жолтоо болгон адамдар, объективдүү себептер болгон. Бирок бул нерседе Бабановдун күнөөсү жок болчу. Мына ушул нерсени алар бурмалап жатышат», — деди Ирискулбеков.

Азырынча Боршайком аларга түшкөн арызды карап чыга элек.

Бабанов КТРК менен соттошкону жатат

Буга чейин Бабановдун штабынан КТРК менен башка ЖМКларды «жалган» маалымат таратып жатышкандыктары үчүн сотко беришээрин жарыялашкан.

КТРКда 20-сентябрда «Адамдын амалы чексиз» деген сюжет чыгарылган, анда Бабановдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууусу жана Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин жолугушууга болгон реакциясы жөнүндө айтылат.

«Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев 21-сентябрда КТРКнын сюжетин Бабановду «каралоо аракети» деп атаган.

Бабановдун өкүлдөрү БШКны президенттик шайлоону чагылдырууда КТРКны аккредитациядан ажыратууну, ал эми башкы прокуратурадан телеканалдын журналисттеринин иш-аракеттерине баа берүүнү талап кылышкан.

Өз кезегинде КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков ага азырынча арыз берүу боюнча эч кандай расмий документ келе элегин жана телеканал мыйзам чегинде иштеп жатканын билдирген.

Бабанов ЖМКларга каршы

Президенттик шайлоого талапкер болуп чыккандан кийин Бабанов Боршайкомго беш кыргыз маалымат булагына каршы арыз менен кайрылылган. Алар: argument.kg, gezitter.org, chagylgan.kg, tikenek.org жана 24.kg.

Натыйжада БШК chagylgan.kg басылмасын аккредитациядан ажыраткан.

Ошондой эле саясатчынын өкүлү Эрик Ирискулбеков БШКга New TV телеканалына каршы арыз берген. Июль айынын соңунда каналда Кыргызстандын шайлоочулар ассоциациясынын төрагасы Бакыт Керимбеков менен болгон интервью чыккан.

«Ал Бабановду адабий тасманын каарманы Остап Бендер менен салыштырган. Эреже боюнча, Бендер калпычы жана шылуунду элестеттирет. Керимбеков аны элди алдаганга даяр турган, жада калса алардын белгилери да окшош деп Бабановду кыргыз Остап Бендери деп атаган», — деп айтылган арызда.

Бабанов 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы деп эсептелет. Ал эми президенттик кызмат үчүн жалпы 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: