Кара-Суу: Тойдо шербет ичип ууланган экинчи наристе чарчап калды

Ош облусунун Кара-Суу районунда тойдо шербет ичип ууланган экинчи наристе каза тапты. Беш күн мурун тамак-ашка ууланган эки жашар бала да чарчап калган.

Саламаттык сактоо министрлигинин (ССМ) басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова Кара-Сууда тамак-ашка уулангандардын дагы бири — эки жашар бала чарчап калганын «Клоопко» билдирди.  

«Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө он күндөн бери оор абалда жаткан эки жашар наристе 21-февралда каза тапты. Дагы төрт наристенин абалы орто», — деди Айгерчинова.

Айгерчинова Кара-Суу райондук ооруканасында тамак-ашка ууланган сегиз аялдын бирөө жандандыруу бөлүмүнөн палатага которула электигин кошумчалады.

«Алардын үчөө үйүнө чыгарылган. Калган төртөө жугуштуу оорулар бөлүмүндө врачтардын көзөмөлүндө даарыланууда», — деп токтолду басма сөз катчы.

Буга чейин Ош облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткан эки жарым жаштагы наристе 17-февралда чарчап калганы белгилүү болгон.

Присавай айылындагы тойдо, 11-февралда консерваланган өрүк шербетинен ууланган 17 адам бир күндөн кийин Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылышкан. Алардын ичинен үчөөсү дарыгердин текшерүүсүнөн өткөн соң, кайра үйүнө кеткен.

Сегиз келин райондук ооруканага, алты жаш бала Ош облустук балдар ооруканасына жаткырылган — эки наристенин абалы оорлошуп бейтапканадан жандандыруу бөлүмүнө которулган. Оорукананын дарыгери кайрылгандар өрүк шербетинен ууланганын «Клоопко» билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: