Куралчан күзөтчү Флоридадагы атышууда кол салган адамды токтотууга аракет кылган эмес

Жергиликтүү шериф куралчан мектеп күзөтчүсү Скотт Израэл 19 жаштагы Николас Круз мугалимдер менен окуучуларга ок чыгарып аткан учурда мектеп имаратынын жанында бир нече мүнөт туруп алып, мектептин ичине киргенге аракет кылган эместигин айтып чыкты — анда 17 адам набыт болгон.

Би-Би-Си басылмасы билдиргендей, учурда күзөтчү жумуштан четтетилген. Азырынча ал эч кандай комментарий бере элек.

Израэлдин айтмында, мектеп алдына орнотулган байкоо камераларынын жазмаларынан биринчи ок чыгуулар болгон соң, полициячы имаратка бир жарым мүнөттөн кийин келгенин көрүүгө болот.

Бирок, ичине кирип аткычка жолтоо кылуунун ордуна ал төрт мүнөттөй имараттын тышында туруп алып, эч бир аракет көргөн эмес. Жалпысынан мектепте ок чыгаруу алты мүнөткө созулган.

Шерифтен күзөтчү кандай аракет көрүшү керектигин сурашканда, ал «Күзөтчү мектепке кирип, адам өлтүргүчтү жок кылышы керек болчу» деп жооп берген.

Мектепти кайтарып, кылмыштуулукту алдын алуу анын милдетине кирет. АКШда жалпысынан мектептерди 14 миңден 20 миңге чейинки полиция кызматкерлери кайтарышат.

АКШнын президенти Доналд Трамп 22-февралда Флорида мектебинде каза болгондордун туугандары, жана ошондой эле, кол салуу учурунда достору набыт болгон мектеп окуучулары менен жолугушту.

Трампка жолугушууга келгендер аны мектептерде коопсуздукту камсыздоо үчүн өлкөдө курал-жарактын жүгүртүүсүнө көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенине ишендирүүгө аракет кылышкан. Президент өз кезегинде мектеп окуучулары куралчан болуулары керектигин билдирген.

«Эгерде анын куралы болгондо ал атып салып, бардыгы бүтмөк», - деп билдирди Трамп.

Анын пикирине мугалимдер да, мектеп окуучулары да макул эмес. 20-февралда ондогон адамдар Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан — 17 адам Флорида мектебиндеги ок чыгарууда набыт болгондорду сүрөттөп жерге жатып алышкан. Акциянын катышуучулары бийликтен өлкөдө курал-жарактарды жүгүртүү көзөмөлүн күчөтүүгө алууну талап кылышкан.

14-февралда Флорида штатындагы Паркленд шаарынын орто мектебинде 19 жаштагы Николас Круз мугалимдер менен окуучуларга ок чыгарган. Үч мүнөттүн ичинде Круз 17 адамды өлтүрүп, дагы 15 адамды жарадар кылган.

Бул окуя 2017-жылдан тарта курмандыктардын саны боюнча эң эле кандуу болуп калды — анда Ньютаун шаарындагы «Сэнди Хук» баштылгыч мектебине кол салууда 27 адам, анын ичинде 20 өспүрүм набыт болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: