ЖМК: Алматыда кармалган кыргыз депутаты Казакстанда туулган

Дамирбек Асылбек уулу

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу Жамбыл облусунда туулган. Саясатчы бир нече күн мурун Алматыда аткезчиликке шектелип кармалган, андан соң Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) анын казак жарандыгы да бар экенин билдирген.

Казакстан ИИМнин Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин директору Алмас Садубаев 23-февралда «Казинформ» басылмасына билдиргендей, Асылбек уулунда Казакстандын жарандыгы бар жана андан чыгуу боюнча арызын берген эмес.

«Ага жашы жеткенде туулгандыгы боюнча күбөлүктүн негизинде Казакстан Республикасынын жаранынын паспорту жана өздүгүн тастыктаган документ ыйгарылган», — деп келтирген Садубаевдин айткандарын «Казинформ» басылмасы.

Садубаевдин айтымында, депутат эски документтин мөөнөтү аяктагандан кийин кайрадан 2010-жылы Казакстандын жаранынын паспортун алган. Ал депутаттын жарандыгы боюнча кызматтык иликтөө журүп жатканын кошумчалады.

Мурдараак Казакстандын ТИМи өздөрүнүн кыргыз кесиптештерине Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыгы бар экенин тастыктаган нота жөнөткөн.

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу 16-февралга караган түнү кармалган — Казакстандын башкы прокуратурасы депутатты аткезчиликке шектөөдө.

Кыргыз депутатын жана эки кыргызстандыкты атайын операциянын жүрүшүндө Казакстандын күч түзүмдөрү камакка алышкан — бул туурасында Казакстандын башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Оксана Лоскутова маалымдаган.

Лоскутованын айтымында, шектүүлөр Кыргызстан аркылуу «көмүскө схемалардын» жардамы менен Кытайдан түз алып Казакстанга аткез товарларды киргизишкен.

Кыргыз парламентинин спикери Дастан Жумабеков 21-февралда Казакстандын бийлигинен Жогорку Кеңештин депутаттары өз кесиптешинин кармалышы боюнча ишине кийлигишпейт деген мурдагы билдирүүсүнө карабастан, Казакстандын бийлигинен кармалган депутат менен жолугушуу уюштуруп берүүнү суранган.


ТЕМА БОЮНЧА: