Инспекторлор 2018-жылдын февралында Бишкектеги рейд урунда. Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Кыргызстандын ички иштер министрлиги (ИИМ) 22-февралда Административдик кодекске өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга чыгарды — ал жол кыймыл эрежелерин бузгандардын жазасын күчөтүүнү шарттайт. Өзгөртүүлөрдүн коомдук талкуусу бир айга созулат, ошондон кийин аны парламент карашы мүмкүн.

ИИМ эмнени сунуштап жатат?

Эрежени көп бузгандарды мажбурлап кайрадан авто мектептерде окутуу

Мекеме бир жыл ичинде үч же андан көп жолу жол кыймыл эрежелерин бузган айдоочуларды күбөлүктөрдөн ажыратып, кайрадан авто мектептерге окууга жөнөтүүнү сунуштап жатат. Эреже бузуучу авто мектепте сынактан ийгиликтүү өткөндөн кийин гана айдоочулук күбөлүгүн кайтара алат.

Мындай жобо Административдик кодексте 2014-жылдан бери бар, бирок азыр бул эреже бузуулардын үчөөсү тең фото же видеокамерага түшүрүлүшү керек. Эми ИИМ бул шартты алып салууну сунуштоодо — мындай ыкманын жардамы менен инпекторлор эреже бузгандарды кайрадан окуудан өтүүгө көбүрөөк жөнөтө алат.

Айрым штрафтарды көбөйтүү

ИИМ сунуштаган өзгөртүүлөрдө жол эрежесин бузуу үчүн айрым штрафтар болжолдуу бир жарым эсеге көбөйөт. Министрлик ылдамдыкты саатына/10 киллометрге жогорулатуу үчүн штрафты 500 сомдон 700 сомго көбөйтүүнү сунуштап жатат;

— саатына/20 км — 1000 сомдон 1500 сомго чейин;

— саатына/40 км — 2000 сомдон 3000 сомго чейин.

Ошондой эле, ИИМ ылдамдыкты саатына 60 жана 80 киллометрге жогоруталуу үчүн өзүнчө штрафтарды (учурда мындай штрафтар жок) киргизүүнү сунуштап жатат. Мындай эреже бузуулар үчүн 5 миң сомдон 8 сомго чейин штраф салып, үч айдан алты айга чейин айдочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда.

Ал эми мас абалда автоунаа айдоо үчүн штрафтын өлчөмүн үч эсе 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Ошондой эле, учурда мындай эреже бузуу үчүн күбөлүктөн бир жылга ажыратышат — ИИМде бул мөөнөттү эки жылга чейин көбөйтүүнү сунушташууда. Ал эми эгерде мас айдоочу адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан абалды жараткан болсо штраф 50 миң сомго чейин көбөйөт.

Патрулдук милициянын кызматкери Бишкектин көчөлөрүнүн биринде. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

Документти инспекторго көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн штраф

Министрлик өз документтерин инспекторго көрсөтүүдөн баш тарткан айдоочуларга 1500 миң сомдон штраф салууну сунуштап атат. Айдоочу кийинки учурда да баш тарткан болсо штраф 3000 миң сомго чейин көбөйүп, айдоочулук күбөлүгүнөн алты айга ажыратылат.

Жолдордо кайырчылык кылуу үчүн жазалоо

ИИМ сунуштап жаткан дагы бир жаңы штраф — бул жолдордо кайырчылык кылуу үчүн жазалоо.

Жол тилкесинде же анын четинде кыймылга тоскоол жаратып, акча же ар кандай башкача материалдык баалууктарды сураган адамдарга инспекторлор 1000 сомдон штраф салып, аларга эскертме жазып беришет.

Бишкектен алыс эмес жайгашкан «Ала-Тоо» совхозундагы жол кырсыгынын натыйжасы. 26-февраль 2018-жыл. Күбөнүн сүрөтү

900 курмандык

2017-жылы Кыргызстанда жол кырсыктарында 907 адам, алардын ичинен 104 өспүрүм набыт болгон. Жол коопсуздугу боюнча маселе бир нече жолу чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин бир топ ирет жогорку деңгээлде көтөрүлгөн.

Эң эле чуу жараткан жол кырсыктарынын бири болуп, 7-октябрда Талас облусуна кетип бара жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү болгон. Жумакадыровдун машинасы менен КаМАЗдын сүзүшүүсүнөн улам вице-премьер-министр өзү, анын айдоочусу жана жардамчысы каза табышкан.

Өкмөт жолдордо эреже бузууларды каттаган камераларды орнотууга кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишимге кол койгон. Бийлик мындай жол менен жолдордогу өлүмдөр менен жол кырсыктарынын санын азайтууну максат кылышууда.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков 25-январда айдоочулардын күнөөсүнүн айынан адам өлгөн жол кырсыктары үчүн жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койгон. Эми адамдын өлүмүнө күнөөлүү айдоочу беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылмакчы. Жазаны «жоопкерчиликти жогорулатуу жолу менен жол кырсыктарынын санын азайтуу» максатында күчөтүшкөн.