Кара-Сууда шербеттен уулангандардын абалы жакшырууда

Тойдо шербет ичип Ош облустук ооруканасына түшкөн эки жаш бала үйүнө чыгарылды. Буга чейин эки бала каза тапкан.

Шербетке ууланып Ош облустук ооруканасына түшкөн бейтаптардын абалы жакшырып, 22-февралда эки жаш бала үйүнө чыгарылды.

Учурда үч келин Кара-Суу райондук ооруканасында дарыланууда, биринин абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» маалымдады.

«Ууланып, ооруканага түшкөндөрдөн үч келин калды, экөөсүнүн абалы жакшы. Дагы бир келиндин абалы канаттандыраарлык», — деди Айгерчинова.

Кара-Суунун Присавай айылында бешик тойдо тамак-аштан ууланганын айтып тургундар 12-февралда райондук ооруканага кайрылган. Дарыгерлер келген 17 бейтап өрүк шербетинен ууланганын билдирген.

Кайрылгандардын ичинен үчөөсү текшерүүдөн өткөн соң үйүнө кетип, калган сегиз келин райондук ооруканага, алты жаш бала Ош облустук балдар ооруканасына жаткырылган.

Абалы оорлошуп жандандыруу бөлүмүндө жаткан, үч жашка толо элек эки наристенин бири 17-февралда, экинчиси 21-февралда чарчап калган.


ТЕМА БОЮНЧА: