Улуттук банк электрондук капчыктын эсебин телефондун балансынан толуктоого тыюу салды

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Арсений Мамашев/Kloop.kg
    Кыргызстандын Улуттук банкы электрондук капчыктарды телефондун балансынан толуктоого тыюу салды. Эми байланыш операторлорунун электрондук капчыктарын банктар, банкоматтар жана терминалдар аркылуу гана толуктоого болот.

    Электрондук капчыктардын ишине жаңы эрежелер киргизилгени жөнүндө 26-февралда белгилүү болду — алар 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

    «Мында, Улуттук банк Башкармасынын жогоруда белгиленген токтомуна ылайык, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын абоненттеринин (колдонуучунун) өздүк эсебинен, ошондой эле товар жана кызмат көрсөтүү үчүн аванстык төлөмдү электрондук капчыкка чегерүү менен аны кайтарып берүүаркылуу толуктоого жол берилбейт», — деп айтылат Улуттук банктын буйругунда.

    Эми «Билайн», «Мегаком» жана «О!»байланыш операторлорунун мобилдик капчыктарын банк эсептери, банкоматтар жана терминалдар аркылуу толуктоого болот.

    Улуттук банк ошондой эле, электрондук капчыктар мурдагыдай эле тартипте иштей турганын жана байланыш операторлору өз абонеттерин өзгөрүүлөр жөнүндө кабардар кылышы керектигин кошумчалады.

    Мобилдик капчыктар аймактарда жашаган адамдар үчүн ыңгайлуу.

    Банктардын электрондук капчыктарын банктардын өзүндө же терминал аркылуу гана толуктоого болот. Бирок терминалдар менен банктар бардык эле Кыргызстандын калктуу түйүндөрүндө жок.

    Ошол эле кезде Улуттук банктын тыюусуна чейин байланыш операторунун мобилдик капчыгын телефондун эсебинен толуктоого мүмкүн болчу — абонент банктын филиалын же терминалын издебестен ал телефонунун эсебин өлкөнүн дээрлик бардык коммерциялык күркөлөрүнөн толуктай алган мүмкүнчүлүгү бар болчу.


    ТЕМА БОЮНЧА: